АКШ баштаган эл аралык коалиция Ирактагы бардык базаларын жана штабдарын өлкө бийлигине өткөрүп берди. 30-сентябрдан кийин Иракта коалициянын согуштук жана окуу бөлүктөрү калбайт.
Бул тууралуу Ирактын Коопсуздук маселелери боюнча маалымат башкармалыгынын башчысы Саад Маан Al Jazeera телеканалына билдирди.
Анын айтымында, Ирак коалициянын миссиясы аяктагандан кийин өлкөнүн коопсуздугун өз алдынча камсыз кылууга даяр. Мындан ары Багдад коалицияга кирген мамлекеттер менен эки тараптуу кызматташтыкты улантат.
АКШ эл аралык коалицияны 2014-жылы Ирактын бийлигинин өтүнүчү менен «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы күрөшүү үчүн түзгөн. Ага Улуу Британия, Франция, Германия, Италия, Испания жана Иордания сыяктуу өлкөлөр кошулган.



