Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин имаратын кыдырып көрүп, чет өлкөлүк туристтер үчүн Жогорку Кеңешке үзгүлтүксүз таанышуучу экскурсияларды уюштуруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Белгиленгендей, акыркы жылдары чет өлкөлүк жарандардын кыргыз парламентинин ишмердүүлүгүнө кызыгуусу артып, Жогорку Кеңештин иши менен таанышуу боюнча кайрылуулар көбөйгөн.
Экскурсиялык программага туристтер үчүн парламенттин музейине жана жыйындар өтүүчү залдарга баруу мүмкүнчүлүгүн түзүү каралууда. Мындай экскурсияларды белгиленген тартипте жумасына бир жолу өткөрүү пландалууда.
Мындан тышкары, парламенттин атайын сувенирдик бурчу түзүлүп, анда коноктор Жогорку Кеңештин символикасы түшүрүлгөн сувенирлерди сатып ала алышат.
Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин имараты өзгөчө макамга жана стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, экскурсияларды уюштурууда коопсуздук талаптары жана имаратта болуу тартиби так сакталышы керектигин айтты.
Ал эми Кыргызстандын жарандары үчүн Жогорку Кеңештин эшиги белгиленген талаптарды жана тартипти сактоо менен бардык беш жумуш күнүндө ачык.



