Башкы беткеСаясатКыргызстан БУУ трибунасында: сөздөн ишке өтө турган мезгил келди

Кыргызстан БУУ трибунасында: сөздөн ишке өтө турган мезгил келди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун БУУ Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзү өлкөнүн тышкы саясаты үчүн жөн гана кезектеги дипломатиялык билдирүү эмес. Анда Кыргызстан дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө карата өзүнүн көз карашын айтып гана тим болбостон, эл аралык системаны реформалоо боюнча конкреттүү сунуштарды да алдыга чыгарды.

Эң башкысы — Кыргызстан 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешине биринчи жолу мүчө боло турган шартта сүйлөдү. Бул Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бирок мүмкүнчүлүк менен жоопкерчиликти бири–биринен ажыратууга болбойт. 142 добуш — ишеним жана чоң жоопкерчилик

Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешине 142 мамлекеттин колдоосу менен шайланышы — маанилүү дипломатиялык жетишкендик. Президент өзү белгилегендей, бул Кыргызстандын эл аралык процесстерге салым кошууга даярдыгын гана эмес, Борбордук Азиянын дүйнөлүк саясаттагы ролунун өсүп жатканын да көрсөтөт.

Бирок бул жерде эң маанилүү нерсе — мандатты алуу эмес, аны кантип пайдалануу. Коопсуздук Кеңешинин мүчөлүгү Кыргызстан үчүн абройлуу наам эмес, реалдуу саясий жоопкерчилик. 2027-жылдын 1-январынан тартып Бишкек дүйнөлүк коопсуздук маселелери талкууланган эң маанилүү аянтчалардын биринде өз үнүнө ээ болот. Менин көз карашымда, бул мүмкүнчүлүктү Кыргызстан улуттук кызыкчылыктар менен гана чектебестен, Борбордук Азиянын жалпы позициясын илгерилетүүгө да пайдаланышы керек. Анткени акыркы жылдары Борбордук Азия мамлекеттери бири-бири менен татаал маселелерди сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө болорун көрсөттү. Аймактын ички кызматташтыгы күчөгөн сайын анын дүйнөлүк саясаттагы үнү да салмактуу боло баштайт.

 

БУУга реформа керек

 

Президенттин сөзүндөгү эң принципиалдуу маселелердин бири — БУУнун реформасы. Бүгүн дүйнө 1945-жылдагы дүйнө эмес. Геосаясий күчтөрдүн катышы өзгөрдү, жаңы экономикалык борборлор пайда болду, Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын дүйнөлүк саясаттагы салмагы өстү.

Ошондуктан Коопсуздук Кеңешинин курамын кеңейтүү маселеси күн тартибинде турганы мыйзам ченемдүү. Кыргызстан Африка континентине эки туруктуу орун, Латын Америкасына бир туруктуу орун берүүнү адилеттүү деп эсептей турганын билдирди.

 

Башкы Ассамблея кабыл алган чечимдердин аткарылышы

 

Эгер БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында добуш берилип, резолюция кабыл алынып, бирок аны аткаруу механизми алсыз болсо, анда эл аралык укуктун кадыр-баркы да төмөндөйт. Ушул себептен Кыргызстан БУУнун чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөгөн ачык реестр түзүүнү сунуштады. Анда мамлекеттердин милдеттенмелерди аткаруу деңгээли, отчеттору жана көйгөйлөрү системалуу түрдө көрсөтүлүшү мүмкүн.

Президенттин сунушунун маңызы жөнөкөй: эл аралык милдеттенме кагаз жүзүндө гана калбашы керек.

Кыргызстан бул демилгени Коопсуздук Кеңешине мүчөлүк мезгилинде расмий талкууга чыгарууга даяр экенин билдирди. Эми бул сөздүн артынан дипломатиялык иш жүрүшү зарыл.

 

Вето укугу жана кош стандарттар

 

Кыргызстандын позициясында өзгөчө көңүл бурган дагы бир сунуш — Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн вето укугун өз ыктыяры менен чектөө маселеси. Бул өтө татаал тема экени талашсыз. Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн укуктары БУУнун Уставынын азыркы түзүлүшүнүн өзөгүн түзөт. Ошол эле учурда Кыргызстан көтөрүп жаткан суроо маанилүү: эгер эл аралык чечимдерди ишке ашыруу механизми туруктуу мүчөлөрдүн саясий позициясынан улам улам–улам бөгөттөлө берсе, анда мамлекеттердин тең жоопкерчилиги жөнүндө сөз кылуу канчалык натыйжалуу?

Кыргызстан бул маселени ачык жумушчу топ түзүп, мамлекеттер аралык консультациялар аркылуу талкуулоону сунуштады. Бул жерде Бишкек үчүн негизги принцип — чоң мамлекетпи же чакан мамлекетпи, баары эл аралык укуктун алдында жоопкерчиликтүү болушу керек деген позиция.

 

Санкциялар: чакан мамлекеттердин маселеси

 

Президенттин сөзүндө санкциялык саясат да өзүнчө орун алды.

    Кыргызстан бир тараптуу санкциялар чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге терс таасир этиши мүмкүн экенин белгилеп, санкцияларды БУУнун Уставына ылайык жана Коопсуздук Кеңешинин ыйгарым укуктарынын чегинде колдонуу сунушун айтты. Бул позиция Кыргызстан үчүн практикалык мааниге ээ.

Дүйнөлүк экономика бири–бирине мурдагыдан да тыгыз байланышкан шартта ири державалардын санкциялык чечимдеринин кесепети санкция киргизилген өлкө менен гана чектелбейт. Алар соодага, логистикага, инвестицияга жана үчүнчү мамлекеттердин экономикасына да таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстан санкцияларды алдын ала баалоо, алардын гуманитардык жана экономикалык кесепеттерин талдоо жана аларды колдонуу критерийлерин ачык көрсөтүү механизмин сунуштап жатат. Бул — чакан мамлекеттин дүйнөлүк саясаттагы өз алдынчалыгын сактоо маселеси.

 

Ысык-Көл — Кыргызстан үчүн гана эмес

 

Президенттин БУУдагы сөзүнүн эң таасирдүү бөлүгү Ысык–Көлгө арналды. Көлдүн деңгээлинин төмөндөшү, дарыялардын азайышы жана мөңгүлөрдүн эриши Кыргызстан үчүн экологиялык гана эмес, стратегиялык маселе болуп калды. Президенттин сөзүндө акыркы 170 жылда көлдүн деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөгөнү, ал эми акыркы беш жылда жылдык төмөндөө 7 сантиметрге жеткени айтылды. Бул цифралар жөн гана статистика эмес. Ысык-Көл — Кыргызстандын улуттук байлыгы, Борбордук Азиянын уникалдуу экосистемасы жана дүйнөлүк маанидеги жаратылыш объекти. Ошондуктан Кыргызстан БУУну, эл аралык финансы институттарын жана донор өлкөлөрдү Ысык–Көлдү сактоо боюнча атайын эл аралык трасттык фонд түзүүгө чакырды. Кыргызстан бул фондго мамлекеттик бюджеттен 10 миллион доллар салууга даяр экенин билдирди. Билген кишиге президентибиздин «аманат» түшүнүгүнө кайрылуусу өзгөчө маанилүү. Ысык-Көлдү биз ата–бабалардан мураска алган байлык катары гана эмес, келечек муундарга өткөрүп берүүгө милдеттүү болгон аманат катары карашыбыз керек.

 

Негизги сыноо эми башталат

 

Кыргызстандын БУУ трибунасындагы билдирүүлөрү олуттуу дипломатиялык күн тартибин сунуштады: Коопсуздук Кеңешин реформалоо, эл аралык чечимдердин аткарылышын күчөтүү, санкциялык саясатты тартипке салуу, тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыгын коргоо жана Ысык–Көлдү сактоо боюнча эл аралык өнөктөштүк түзүү.

Бирок дипломатияда эң кыйын нерсе — жакшы сунушту айтууда эмес, аны ишке ашырууда. Кыргызстан 2027–2028-жылдары Коопсуздук Кеңешинде өзүнүн демилгелерин конкреттүү резолюцияларга, мамлекеттер аралык консультацияларга жана практикалык долбоорлорго айландыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул үчүн дипломатиялык аппараттын даярдыгы, кесипкөйлүгү жана мамлекеттик органдардын бирдиктүү иши өзгөчө маанилүү.

Менимче, Кыргызстандын бүгүнкү негизги милдети — дүйнөлүк трибунада айтылган сөздөрдү улуттук дипломатиянын конкреттүү инструменттерине айландыруу. Анткени 142 мамлекеттин ишеними — бул жетишкендиктин аягы эмес. Бул — жоопкерчиликтин башталышы.

Кыргызстан дүйнөгө эмнени сунуштай турганын айтты. Эми дүйнө Кыргызстан бул сунуштарды канчалык деңгээлде ишке ашыра аларын карайт.

Ал эми Ысык-Көлдүн тагдыры бул жоопкерчиликтин эң көрүнүктүү сыноосу болуп калат.

Төлөн ТУРГАНБАЕВ, Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи элчи

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар