Башкы беткеМаданиятУлуттук баалуулуктардын укуктук жана саясий-идеологиялык жагдайлары

Улуттук баалуулуктардын укуктук жана саясий-идеологиялык жагдайлары

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат жаатындагы мамлекеттик социалдык буюртмасынын алкагында улуттук баалуулуктардын өзөктүк жагдайланына көз чаптырабыз. Адабий каармандардын нарк сабактары тууралуу кеп окутканда, окутуучу улуттук баалуулуктардын укуктук жана саясий-идеологиялык жагдайларын эске алуусу кажет.

Улуттук баалуулуктар ар бир этностун жана же коомдун материалдык жана руханий маданиятынын тарыхый өнүгүү жолунда калыптанат. Буларга фундаменталдуу нравалык эрежелер, этикалык чен-өлчөмдөр, түшүнүктөр, каада-салттар жана башка маданий көрүнүштөр кирет. Ар бир улуттун өзгөчөлүгүнө жараша баалуулуктар градацияланат, башкача айтканда, алардын айрымдарынын орду бийик, башкаларыныкы төмөнүрөөк. Жалпы адамзатка жапырт таандык жана универсал эсептелген баалуулуктар да тигил же бул конкреттүү социалдык топ жана этнос үчүн баалуулуктардын иерархиясында өз орду бар. Жөнөкөй тил менен айтканда, улуттук баалуулуктар ошол адам, социалдык жана/же маданий топ, этнос, өлкө, регион үчүн түшүнүктүү, өзгөчө мааниге ээ кубулуштар, көрүнүштөр, касиеттер, нерселер. Бул жалпы, кеңири маанисинде. Ал эми руханий контексттен караганда, улуттук баалуулуктар этностун руханий жашоосунун өзөгү, анын умтулган идеалы жана ыйык деп эсептеген касиеттери менен сапаттары. Албетте, улуттук баалуулуктар жалпы адамзаттык, аймактык жана конкреттүү этноско көбүрөөк мүнөздүү белгилери боюнча айырмаланат.

Улуттук баалуулуктардын этникалык табияты менен катар мезгил аркылуу шартталган, мейкиндиктеги өзгөрүүлөргө жараша түзүлгөн мазмуну бар.

Улуттук баалуулуктар адамдын жашоо позициясын, анын коомго жана мамлекетке, өлкөсүнө жана сырт дүйнөгө, айлана-чөйрөгө, өткөнгө, учурга жана келечекке мамилесин аныктайт. Мисалы, нарк эрежелери мыйзам күчүнө ээ.

Улуттук баалуулуктар укуктук категория болушу жана мыйзамдарда белгиленип, ал тургай конкреттүү жоболор менен аныкталышы да ыктымал.

Көп мамлекеттердин баш мыйзамдарында улуттук баалуулуктарга аныктама берилет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын киришүү беренесинде улуттук баалуулуктар белгиленген: өз тагдырын өз алдынча чечүү укугу; укук үстөмдүүлүгү; адилеттүүлүк; тең укуктуулук; чыныгы элдик бийликтин негиздерин бекемдөө; ата-бабабыздын наркын, салтын сактоо; Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоо; Кыргыз Республикасынын элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо; мамлекеттүүлүктү сактоо жана чыңдоо үчүн майтарылбас эркти көрсөтүү; адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо; жалпы адамзаттык принциптер жана баалуулуктар; социалдык адилеттик, экономикалык бакубатчылык, билимге, илимге жана руханий өнүгүүгө умтулуу; элдин эркиндиги үчүн курман болгон баатырларды эстөө; азыркы жана келечек муундардын алдында Мекен үчүн жоопкерчилик. Бул жоболор декларативдүү преамбула эмес, сөздүн чыныгы маанисинде баалуулуктар, кылымдар сыноосунан өткөн дөөлөттөр. Кыргыз Республикасы үчүн баалуулуктар ушул беренеде көрсөтүлгөн, ар бир жаран жана мамлекет үчүн кымбат жана ыйык нерселер менен чектелбейт. Баш мыйзамдын башка беренелеринде мамлекет жана анын эли, жарандары үчүн кол тийгис, ыйык, көздүн карегиндей сактоого жана улантууга тийиш баалуулуктар тизмектелип, мааниси так аныкталган. Мисалы, Баш мыйзамдын 21-беренесинде мына булар белгиленген:

  1. Мамлекет адам укугун жана эркиндигин кемсинтпеген наркты, үрп-адаттарды жана салттарды сактоо менен Кыргызстан элинин маданиятынын өнүгүүсүнө камкордук көрөт.
  2. Улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызааттоо – элдин ыйык салты.
  3. Мамлекет Кыргызстан элинин тарыхый, материалдык жана руханий мурастарын коргойт.
  4. Мамлекет этностор жана конфессиялар аралык ынтымакты камсыз кылат”.

Мамлекет жана анын эли, жарандары үчүн ыйык, кол тийгис, көздүн карегиндей сактоого тийиш баалуулуктарга көз карандысыздык, эркиндик,  мамлекеттин демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мүнөзү (Конституциянын 1-беренеси), мамлекеттин бүтүндүгү, анын чек арасынын кол тийгистиги (Конституциянын 3-беренеси) жана башкалар улуттук баалуулуктардын негизин түзөт. Бул баалуулуктар мыйзам күчүнө ээ, юридикалык тил менен жазылса да, жаран жана коом үчүн түшүнүктүү жана Кыргызстан элинин тарыхый өнүгүү жолу менен шартталган.

Кыргызстан сыяктуу эле, көптөгөн мамлекеттер улуттук баалуулуктарды мыйзам менен аныктап, ал тургай конституциялык жоболор менен бекемдеп алышкан. Мисалы, Россиянын Конституциясында адамдын укуктары менен эркиндиктерин, жарандык тынчтык менен ынтымакты бекемдөө, Мекенди сүйүү жана башкалар баалуулуктар катары белгиленген.

Улуттук баалуулуктар мамлекеттик саясаттын анабашы жана приоритети.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунда улуттук баалуулуктарга негизделген коомду куруу максаты так аныкталган: “Уңгужолдун негизги максаты – мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу.

Ал эми Уңгужолдун негизги багыттарынын бири катары таалим-тарбия, илим, билим жана маданият аныкталган. Доктринада жарандардын нарк талабына ылайык таалим-тарбияга, заманбап илим-билимге, жогорку маданиятка ээ болуусу жана өнөр-кесип үйрөнүүсү үчүн үй-бүлө, коом жана мамлекет үчилтиги бирдей кам көрүүгө милдеттүү экендиги белгиленген. Улуттук баалуулуктар башкы максат экендиги документте так аныкталып, токтоосуз колго алынуусу жана үзгүлтүксүз улантылуусу керек болгон милдеттердин сап башында таалим-тарбия берүүдө улуттук нарк баалуулуктарына артыкчылык берилиши жана анын жаңы тажрыйбалар менен байытылышы көрсөтүлгөн.

Башка мамлекеттерде да улуттук баалуулуктар саясий, идеологиялык доктриналар менен программанын өзөгүн түзөт. Мисалы, Россиянын президенти В.В. Путин парламентке соңку кайрылууларында коопсуздук, эркиндик, жыргалчылык, мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук, адамгерчилик, атуулдук, ар-намыс, патриотизм, наравалуулук, адилеттик, теңдик улуттук баалук катары сыпатталып, улуттук баалуулуктардын бул системасы россиялыктар үчүн жашоо багыты, алардын дүйнөгө көз карашынын өзөгү болууга тийиш деп белгилеген. Мындай фактылар, тактап айтканда улуттук баалуулуктарды мамлекеттин башкы мыйзамы менен белгилеп, аларды сактоо, өнүктүрүү жана жаш муундарды окутуп-тарбиялоонун анабашы катары эсептеген мисалдар арбын.

Улуттук баалуулуктарды аңдоодо, түшүнүүдө, изилдөөдө, окуу-тарбия ишинде жана социалдык-экономикалык жана маданий-интеллектуалдык өнүгүүгө арналган ишмердүүлүктө колдонууда, мамлекеттик саясатты ишке ашырууда теориялык негиздемелер менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясында, расмий документтеринде, доктриналарында, мамлекеттик концепцияларда белгиленген аныктамаларды жана жоболорду эске алуу зарыл.

Улуттук баалуулуктар адамдын жана жарандын турмуштук позициясын аныктайт, адамдын жана социалдык топтун айлана-чөйрөгө, коомго жана мамлекетке, өткөнгө, учурга жана келечекке мамилесин аныктайт жана жөнгө салат.

Баалуулук түшүнүгү өзүнө мына буларды камтыйт:

а) бул улуттун, элдин жана социалдык топтун кызыкчылыктары үчүн кызмат кылган табигый же коомдук жыргалчылыктар, нерселер жана кубулуштар же алардын жыйындысы;

б) баалуулуктар – адамдар арасында же коомдо кадыр-баркка, урмат-сыйга ээ жана таасири бар нерселер, окуялар, көрүнүштөр, руханий байлыктар жана материалдык заттар же алардын топтому;

в) баалуулук – окуянын, кубулуштун, заттын, көрүнүштүн, кырдаалдын, процесстин, сапаттын, талаптардын, процедуралардын, иш-аракеттердин адам жана коом үчүн пайдалуу, керектүү жана зарыл касиетин туюнтуучу универсал руханий түшүнүк;

г) баалуулук окуянын, заттын же кубулуштун жалпы адамзаттык, социалдык-этикалык, маданий, нравалык маанилүүлүгүн билдирген түшүнүк.

Улуттук баалуулуктардын аткарган функциялары арбын жана алар универсалдуу мүнөзгө ээ. Анын ичинен тарбиялык, интегративдик (бириктирүүчүлүк), регулятивдик, генеративдик, когнитивдик функциялары башкы орунда турат. Алардын ар бири өзүнчө да, бири бири менен тыгыз байланышта да аракеттенет.

Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, жогоруда белгиленгендей, конституциялык жоболордо, президенттин тиешелүү жарлыктарында жана ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле концептуалдык документтерде көрсөтүлгөн. Улуттук баалуулуктардын спектри абдан кенен. Илимде бул маселе терең жана ар тараптуу изилденген. Ата-журт, өз алдынча мамлекеттүүлүк, эркиндик, мекенчилдик, биримдик, ынтымак, айкөлдүк, меймандостук, адамгерчилик, ар-намыс, адилеттик, табиятка аяр, сый мамиле, боорукердик, тарыхый эстутум, сөз кадыры, нарктуулук, акылмандык, өнөр, билим негизги улуттук баалуулуктар болуп эсептелет.

Мисалы, Ата-Журттун ыйыктыгы, Мекенге болгон сүйүү негизги баалуулук катары элдик акыл-ойдун, маданияттын, коомдук мамиленин өзөгү, чыгармалардын идеялык уңгусу. Ата мекен – жогорку даражадагы баалуулук.

“Ала-Тоо ыйык жер үчүн,

Ак калпак кыргыз эл үчүн

Аманат жаным садага!” – дене-бойду дүркүрөткөн бул саптар Манастын эл алдында берген анты. Жалпы журтка түшүнүктүү, кыргыз баласы эне сүтү, ата сөзү менен кошо калыптанган баалуулук.

Мекен – ыйык, ата-журт үчүн жан курман. Бул кыргыз көркөм өнөрүндөгү эн башкы тема, элдик адабияттын уңгу мотиви. “Чептен эрдин күчү бек” жомогунан тартып, эпосторго, күүлөргө чейинки чыгармаларда ушул мотив аныктоочу күчкө ээ. Мекенчилдик кыргыз этикасынын борбордук категорияларынын бири.

Баалуулуктар, анын ичинде улуттук баалуулуктар башка касиеттери жана сапаттары менен катар этикалык, нравалык категория экендиги анык.

Улуттук баалуулуктар билимдин жана тарбиянын базасы жана башкы багыты. Бул талашсыз жана дээрлик бардык өлкөнүн билим берүү системасына мүнөздүү нерсе. Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында улуттук баалуулуктардын негизинде жарандык иденттүүлүктү бекемдөө жана жарандык маданиятты өстүрүү негизги милдеттердин бири катары көрсөтүлгөн.

Ал эми улуттук жана жарандык иденттүлүүктү улуттук баалуулуктарсыз, алар жөнүндө билимсиз калыптандырууга мүмкүн эмес. Бул далилдөөсүз эле түшүнүктүү чындык, башкача айтканда, аксиома. Көрүнүп тургандай дүйнөлүк тажрыйбада да, биздин өлкөнүн программалык документтеринде да улуттук баалуулуктардын негизинде билим-тарбия берүү башкы максат, стратегиялык максат катары аныкталган. Кыргыз адабиятын окутууда, көркөм образдарды окуучуларга түшүндүрүүдө улуттук баалуулуктардын негиздерин эске алуу зарыл.

Элеонора Ишекеева,

тарыхчы, №5 кесиптик лицейдин директору

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар