2026-жылдын 30-сентябрында Ысык-Көл облусундагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда улуу ойчул, тилчи жана окумуштуу Махмуд Кашгари Барсканиге арналган жаңы туруктуу экспозициянын ачылыш аземи өтөт.

Экспозициянын негизги бөлүгү XI кылымда жазылган «Дивану лугат ат-түрк» эмгегине арналат. Анда түрк элдеринин тили, тарыхы, географиясы, этнографиясы, салт-санаасы жана оозеки чыгармачылыгы тууралуу баалуу маалыматтар камтылган.
Көргөзмөдө Махмуд Кашгаринин илимий мурасы жазма булактар, дүйнө картасы, археологиялык табылгалар жана заманбап мультимедиалык материалдар аркылуу чагылдырылат. Ошондой эле Өзгөн музейинин фонддорунда сакталган Карахандар дооруна таандык түп нуска буюмдар коюлат.
Экспозицияны Ысык-Көлдө ачуу Махмуд Кашгари Барсканинин өмүрү жана мурасы менен байланышкан Барскан аймагынын тарыхый-маданий маанисин кеңири таанытууга багытталган. Мындан тышкары, «Дивану лугат ат-түрктүн» түрк дүйнөсүнүн тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөөдөгү ордун көрсөтүү максат кылынууда.



