Бишкекте 23–25-октябрда айыл чарба тармагына арналган «АгроТехЭкспо – 2026» жана «Алтын күз» көргөзмө-жарманкеси өтөт.
Иш-чара Т. Усубалиев атындагы аянтта саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Жарманкеде айыл чарба продукциялары социалдык баада сатылат. Ошондой эле асыл тукум мал, балык чарбасы жана айыл чарба техникалары көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, көргөзмөнүн катышуучулары айыл чарбасында колдонулган заманбап технологияларды жана санариптик чечимдерди тааныштырат.
Иш-чара Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлүп, анда ата мекендик өндүрүштүн жетишкендиктери да көрсөтүлөт.



