Францияда мамлекеттик кызматкерлер иш таштап, окуучулар бир катар лицейлердин кире беришин тосуп жатышат. Нааразылык акциясынын катышуучулары эмгек акынын жогорулашын, иш шарттарын жакшыртууну жана билим берүү менен саламаттык сактоо тармактарына каржылоону көбөйтүүнү талап кылууда.
Мугалимдер менен дарыгерлерден тышкары башка мамлекеттик кызматкерлер да акцияга кошулган. Ал эми окуучулар мугалимдердин жетишсиздигине жана мектептердин материалдык-техникалык абалына нааразы экенин билдиришүүдө.
Франциянын Le Monde басылмасынын маалыматына караганда, 28-сентябрда өлкө боюнча 180 окуу жайдын иши үзгүлтүккө учураган. Нааразылык акцияларынын жүрүшүндө 164 адам кармалган. Айрым аймактарда демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуулар болгон.
Нааразылык акциялары Франциянын 2027-жылга карата мамлекеттик бюджетинин долбоору жарыяланар алдында күчөдү. Өкмөт бюджеттин тартыштыгын азайтуу максатында 54 млрд евро үнөмдөөнү пландап жатат.
Мамлекеттик кызматкерлер жана кесиптик бирликтер мындай үнөмдөө чаралары билим берүү жана саламаттык сактоо системаларынын абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп кооптонууда.



