АКШ президенти Дональд Трамп федералдык мамлекеттик органдарга расмий документтерде “жасалма интеллект” деген терминдин ордуна “суперинтеллект” сөзүн колдонуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Kazinform ТАССка шилтеме берүү менен билдирди.
Ак үй тараткан документке ылайык, жаңы термин мамлекеттик органдардын расмий каттарында, коомчулукка жарыяланган материалдарда, сайттарда, отчеттордо жана мыйзамдык актыларга кирбеген башка документтерде колдонулушу керек.
Жарлыкта бул аталыш технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн жана алардын америкалык коомго ача турган перспективаларын такыраак чагылдырары белгиленген.
Ошол эле учурда буга чейин кабыл алынган мыйзамдарда жана ченемдик укуктук актыларда “жасалма интеллект” деген терминди өзгөртүү талап кылынбайт.
Трамп буга чейин “жасалма интеллект” деген аталышты «так эмес жана ийгиликсиз» деп атап, мындай технологияларды “суперинтеллект” деп атоону сунуштаган.



