Жакында Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Лятиф Гандилов менен жолугушту. Жолугушууда элчи Кыргызстанга азербайжан тилин окутуу үчүн келген мугалим Вердиева Үлкер Рауф кызын министрге тааныштырды.
Азербайжандык мугалимдин Кыргызстанга келиши эки өлкөнүн өкмөттөр аралык экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиясынын кыргыз жана азербайжан тилдеринин мугалимдерин өз ара алмашуу боюнча келишиминин негизинде уюштурулду.
Үлкер Рауф кызы Бишкектеги Низами Гянжевинин атындагы №103 жана Гейдар Алиевдин атындагы №20 мектептерде азербайжан тилинен сабак берет.
Өз кезегинде Кыргызстандан барган мугалим Азербайжанда кыргыз тили жана адабияты боюнча сабак өтөт.
Догдуркүл Кендирбаева азербайжандык мугалимге ишине ийгилик каалап, билим берүү жана маданий алмашуулар эки элдин өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөгө жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгиледи.
Лятиф Гандилов болсо тил менен маданият Кыргызстан жана Азербайжан элдеринин жакындашуусунда маанилүү роль ойной турганын айтты.
Бүгүнкү күндө Бишкекте Азербайжандын каржылык колдоосу менен курулган эки мектеп — Низами Гянжевинин атындагы №103 жана Гейдар Алиевдин атындагы №20 мектеп иштеп жатат. Алар 2022-жылы Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон сапары учурунда ачылган.
Мындан тышкары, Азербайжандын Агдам районундагы Хыдырлы айылында Кыргызстандын атынан «Айкөл Манас» мектеби курулган. Анын ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышкан.



