Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында белгилүү кыргыз жазуучусу Абдыкерим Муратовдун романынын мотиви боюнча “Мадаминбек. Уламыш” аталыштагы спектаклди сахналаштыруу иши башталды.
Спектакль Фергана өрөөнүнүн тарыхындагы талаштуу жана татаал тарыхый инсандардын бири Мадаминбектин тагдырына арналат. Театрдын чыгармачыл тобу анын образын бир жактуу көрсөтүүнү эмес, доордун окуяларынын чордонунда калган адамдын тагдырын ачып берүүнү максат кылууда.
Постановкада тарыхый фактылар, эскерүүлөр, уламыштар жана көркөм фантазия айкалышат. Спектакль аркылуу Мадаминбектин өз замандаштары үчүн ким болгону жана анын элдин эсинде кандай образда калгандыгы тууралуу суроолор көтөрүлөт.
Чыгарма «бешбармак-вестерн» жанрында коюлат. Бул багыт спагетти-вестерндин эстетикасын Борбор Азиянын тарыхы, маданияты жана көркөм дүйнөсү менен айкалыштырган өзгөчө театр формасы катары сунушталууда.
Спектаклди сахналаштыруу үчүн Казакстандан режиссёр Жанибек Махамбетдияр чакырылган. Ал Казак улуттук искусство университетинин 2024-жылкы бүтүрүүчүсү. Учурда Нартай Бекежанов атындагы Кызылорда академиялык музыкалык драма театрында эмгектенет.
«Мадаминбек. Уламыш» спектаклинде тарыхый материалдар шарттуу театр ыкмалары жана талаа вестернинин эстетикасы менен айкалышып, адам, доор жана тарыхый эс-тутум темалары заманбап театр тили аркылуу баяндалат.



