Кыргызстанда президенттикке талапкер болуу үчүн жаран бир катар талаптарга жооп бериши керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
БШКнын маалыматына ылайык, президенттикке добуш берүү күнү 35 жашка чыккан, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана Кыргызстанда жалпы 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны талапкер боло алат.
Мындан тышкары, талапкер мамлекеттик тилди «ортодон жогору» деңгээлде билүүгө тийиш. Бул талап тиешелүү сертификат менен ырасталат.
Мыйзамда президенттикке талапкер боло албаган адамдардын категориялары да белгиленген. Анын ичинде мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу жоюлбаган же алып салынбаган адамдар бар.
Президенттикке талапкерди каттоо учурунда бул талаптар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынат. Талапкерлердин шайлоого катышуусу үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтоо жана мыйзамда белгиленген шайлоо төгүмүн төлөө талап кылынат.



