Башкы беткеМаданиятБишкекте кыздар үчүн STEAM4Girls долбоорунун III фазасы башталат

Бишкекте кыздар үчүн STEAM4Girls долбоорунун III фазасы башталат

1-октябрда Бишкектеги Кыргыз улуттук тарых музейинде кыздардын илим жана технология тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган STEAM4Girls долбоорунун III фазасынын улуттук деңгээлдеги ачылышы өтөт.

Долбоор илим, технология, инженерия, искусство жана математика багыттарында кыздардын сапаттуу билим алуусуна жана ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЮНИСЕФ, өнөктөш уюмдар, мугалимдер жана жаштар катышат. Анда STEAM багытында кыздардын жетишкендиктери тааныштырылып, тажрыйба алмашуу жана мындан аркы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.

Иш-чара саат 13:00дөн 14:45ке чейин Кыргыз улуттук тарых музейинин 1-кабатындагы жыйындар залында өтөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар