Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү диктор Тамара Бакиева-Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Зыйнатта Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Мамытканов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ошондой эле кесиптештери жана жакындары сөз сүйлөп, маркумдун кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, үй-бүлөсүнө көңүл айтышты.
Тамара Жаманбаева 1943-жылы 14-майда Нарын шаарында туулган. Эмгек жолун 1959-жылы Кыргыз телевидениесинде диктор болуп баштап, телерадио тармагында көп жыл эмгектенген. Ал жаш журналисттерди, алып баруучуларды жана дикторлорду даярдоого да чоң көңүл бурган.
Кесиптик эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын эл артисти наамына жана бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татыган.
Тамара Жаманбаеванын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.




