Бүгүн, 1-октябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу өттү. Ага Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков да катышты.
Министрликтин маалыматында, жолугушууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды. Анда трансулуттук жана уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, адам сатууга жана чек ара аралык кылмыштарга каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, киберкылмыштуулуктун өсүшү жана санариптик технологиялардын мыйзамсыз максатта колдонулушу талкууланды. Бул багытта маалымат алмашууну тездетүү, өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү жана жаңы коркунучтарга өз убагында чара көрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Жолугушуунун катышуучулары КМШ алкагында коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын башка багыттары боюнча да пикир алышты.



