Кечээ жакында АКШнын сенаты Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгына арналган резолюция кабыл алды. Американын Конгрессинин сайтында резолюциянын долбоору Стив Дейнс баштаган сенаторлор тээ июлда эле сунушталганы маалымдалган. Сенаттын резолюциясы ушул датага карата делгени менен Вашингтондун Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен мамилелерин бекемдөөгө багытталганы түшүнүктүү. Документте Борбор Азия мамлекеттери “трансулуттук коркунучтарга каршы күрөштө маанилүү өнөктөштөр” катары сыпатталып, региондун геосаясий ролу, эл аралык соодада, энергетикалык жана санариптик коопсуздукту камсыз кылууда мааниси көрсөтүлгөн. Документте Борбор Азия карата жылуу маанай сезилип турат. Резолюциянын соңунда АКШ Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуунун стратегиялык мааниси, бул мамлекеттердин суверенитети менен аймактык бүтүндүгү Евразиядагы тынчтыктын, туруктуулуктун жана күтөрдүн тең салмагынын негизи экендиги баса белгиленген. Туура, Вашингтон Монронун доктринасынан тартып, “Рузвельттин натыйжалары” деп аталган документке чеийинки узак убакыт бою Латын Америкасынын көз карандысыздыгын колдоо, ал өлкөлөрдү өз боюна тартуу боюнча чоң стратегияны туруктуу ишке ашырып келген. Монронун доктринасы Трамптын убагында кайрадан актуалдашып, ал тургай Трамптын түзөтүүлөрү деген термин да пайда болду.
Борбор Азиянын беш мамлекети бир бүтүндүк катары карала баштаганына бир топ убакыт болду. Буга ири жана кубаттуу мамлекеттердин, БУУнун жана Европа Биримдигинин, башка уюмдардын Борбор Азия мамлекеттери менен С5+1 форматтарындагы ургаалдуу форумдары башкы далилдердин бири. Албетте, Борбор Азияга кызыгуу жана ага таасир этүүгө умтулуу процессинде Вашингтон жалгыз эмес. Арийне, АКШнын тышкы саясий тарыхында бир аймактын өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгына арналып, сенаты кабыл алган атайы документ сейрек көрүнүш. Демек АКШ сенатынын резолюциясы далай нерсени көздөгөн, тээ алысты мелжеген чоң стратегиянын бир көрүнүшү. Регионго таасир этүүгө кызыккан оюнчулар арбын, алардын аракеттери зор, умтулуусу күчтүү. Канеткен күндө да, Борбор Азиянын мамлекеттери биригип жана ар бири өзүнчө кимдир бирөөлөрдүн кол баласына айланбоого далалат кылууда. Геосаясий оюндардын объектиси эмес, мамилелердин суверендүү субъектиси болууга ынтызарлыгы бекем, дымагы жетиштүү, аракети арбын. Чама-чаркы да аз эмес. Бирок ошол бирдиктүү позиция талылуу жер. Мунун үстүнөн көп иштөө кажет.
35 жылдык темасы чыкканда быйыл жана эмидиги жылы белгилей турган урунттуу дата бар. Ал Кыргыз Республикасынын дүйнөнүн көп өлкөсү менен дипломатиялык мамиле түзгөндүгүнун 35 жылдыгы. Дипломатиялык мамилелерди Кыргызстан азыр да түзүп жатат. Маселен Африка өлкөлөрүнүн, Азия-Тынч океан аймагынын бир топ өлкөсү менен дипломатиялык мамилелер кечээ жакында гана түзүлдү. Буга биздин БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болууга майнаптуу аракетибиз да түрткү болду көрүнөт. Эл аралык мамилелерде “дипломатиялык барчылык” маселеси эң орчундуу мааниге ээ. Бишкек муну жакшы билет. Ошондуктан биз эзели тааныбаган аймактарга баш багып, кол сунуп, буга чейин сыртынан гана билген өлкөлөр мекнен мамиле түзүп жатканыбыздын мүдөөсү изги, пайдасы талашсыз.
1991-жылы бир топ мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзгөнбүз. Белгилүү масштабда, тиешелүү деңгээлде жана ар кандай форматта бул датага биз жана биздин дос, коңшу, өнөктөш, жакшы санаалаш өлкөлөр тарабынан көңүл бөлүнсө керек. Кеңири маалымдалбай калышы да ыктымал, себеби дипломатияда баарына баарын жар сала бермей өнөкөт эмес. Болуптур дейли. Арийне, эмдиги жылы ондогон өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 35 жыл толот. Ошого утурлай ошол өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүн 35 жылдыгы ичимтап бойдон калбастан, кулуардык протокол менен чектелбестен, коомдук мейкиндикте жылуу маанай жараткан, көз кубантып, көңүл көкөлөткөн айрым бир иштердин жасалмагы туура болмокчу. Мааракелик же башка бир маанилүү даталар дипломатияда чон мааниге ээ. Маселен, кайсы бир дата кимдир бирөөлөргө жагымсыз, кай бир өлкөлөрдүн, уюмдардын кээ бир датага итатайы тутулат. Тескерисинче, орток баалуулукка ээ, өнгөлөргө залакасы жок, башкалардын кыжырына тийбеген, эки жакка тең тагдыр чечүүчү болбосо да, кадыры артык, кур дегенде мезгилдик ченемден караганда тарыхый даталар бар. Мисалы, мааракелик дипломатия эл аралык мамилелерде кеңири колдонулат. Дипломатияда маараке тышкы саясатта саясий биргелешкен жана ар кандай форматтагы иш чараларга эң сонун шылтоо. Жадагалса мааракелик дипломатия деген шарттуу түшүнүк бар. Башкаларды чочутпай, лидерлердин жолугушууларын, визиттерди, тартууларды, талкууларды, айтор ар кандай нерселерди уюштурууга жагымдуу себеп. Мааракенин урматына деп маданий, интеллектуалдык иш чараларды, маселен көргөзмөлөрдү, конференцияларды, маданият жылдарын, искусство күндөрүн, эстелик монеталарын чыгаруу, презентацияларды, архивдик документтерди жарыялоо, адабий фестивалдарды, маалыматтык кампанияларды, айтор толгон токой иштерди өткөрүүгө, анын аркасы менен далай нерсеге жетүүгө болот. Ал тургай сууп турган мамилелерди мааракенин шылтоосу менен жылытып алган учурлар бар. 1975-жылы СССР менен Япония дипломатиялык мамилелердин орногондугун 50 жылдыгын бетке кармап, жогорку деңгээлде бири бирин куттуктап, мамилелери кыйла оңолгон. Эзелтен бери атаандаш Франция менен Британиянын ортосунда 1904-жылы түзүлгөн “Ак ниет келишимдин” (Entente cordiale) 100 жылдыгынын урматына ханыша Елизавета Францияга мамлекеттик сапар жасап, буга чейинки таарынычтарды кечиришкен. Дипломатиянын тарыхында мааракелик даталарды жакшы колдонуунун мындай мисалдары арбын. Ошондой изги тажрыйбаларды ыктуу пайдалануу ашыктык кылбастыр.
35 жыл оңой убакыт эмес. Далай сыноолор башыбыздан өттү: жылдызы жанган жаркын учурлар, көңүл калуулар жана таарынычтар, ийгиктер менен жетишкендиктер, айтор баары болду.
Эмдиги жылы дагы биздин өлкөнүн ондогон мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелердин түзгөндүгүнө 35 жыл толот. Быйылкы тажрыйбалардан сабак алып, дипломатиянын тарыхын, дүйнөлүк үлгүлөрдү көңүлгө түйүп, жакшылап изденип, акыл калчап, ушул датаны – дипломатиялык мааракени да мыктап пайдалануу озуйпасы туру алдыбызда.
Алмаз Кулматов, башкы редактор



