Башкы беткеИлимДуалдык билим берүү: теориядан практикага жол ачкан окутуу модели

Дуалдык билим берүү: теориядан практикага жол ачкан окутуу модели

Бүгүнкү эмгек рыногунда дипломдун өзү эле жетишсиз болуп, адистин кесиптик билими менен катар практикалык көндүмдөрүнө да талап күчөдү. Иш берүүчүлөр окуу жайын жаңыдан бүтүргөн жаш адистен теориялык билим менен катар алган билимин өндүрүштө колдоно билүүнү, заманбап жабдуулар менен иштөөнү, эмгек тартибин сактоону жана кесиптик жоопкерчиликти талап кылууда. Ушундай шартта билим берүү системасын эмгек рыногу менен жакындаткан дуалдык билим берүүнүн актуалдуулугу күчөп жатат.

 

Дуалдык билим берүү – теориялык билимди практика менен айкалыштырган, студентке окуу жайда билим алуу менен бирге ишканада тажрыйба топтоого шарт түзгөн заманбап окутуу модели. Башкача айтканда, жаштар кесипти китептен же аудиториядан гана үйрөнбөстөн, аны түздөн-түз иш процессинде өздөштүрүшөт. Бул модель боюнча окуу жай теориялык билим берсе, ишкана студенттин кесиптик көндүмдөрүн практика жүзүндө калыптандырууга көмөктөшөт.

Мындай ыкманын негизги артыкчылыгы – жаш адис, студент өндүрүштөгү чыныгы процесстерге катышып, кесипке байланышкан тапшырмаларды аткарат, тажрыйбалуу адистерден үйрөнөт. Натыйжада теориялык билим менен практикалык тажрыйба бири-бирин толуктап, келечектеги адистин кесиптик даярдыгы жогорулайт.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө дуалдык билим берүү кесиптик жана техникалык кадрларды даярдоонун натыйжалуу механизмдеринин бири катары колдонулуп келет. ªзгөчө Германия, Австрия, Швейцария сыяктуу мамлекеттерде бул система көп жылдан бери өнүгүп, билим берүү мекемелери менен ишканалардын тыгыз кызматташтыгына негизделген. Мындай мамиле эмгек рыногунун талабына ылайык кадрларды даярдоого өбөлгө түзөт.

Кыргызстан үчүн да бул модель өзгөчө маанилүү. Анткени өлкөдө айрым тармактарда адистерге болгон суроо-талап менен билим берүү системасы даярдап жаткан кадрлардын ортосунда айырмачылык бар экени көп айтылып келет. Айрыкча өндүрүш, курулуш, айыл чарба, энергетика, транспорт, тейлөө, маалыматтык технологиялар жана башка тармактарда иш берүүчүлөр практикалык жөндөмү бар адистерге муктаж. Ошондуктан билим берүү менен өндүрүштү бири-бирине жакындатуу маселеси күн тартибинде турат. Дуалдык билим берүү ушул көйгөйдү чечүүгө багытталган механизмдердин бири. Анын алкагында окуу жайлар ишканалар менен кызматташып, студенттерди реалдуу эмгек чөйрөсүнө аралаштырат. Мисалы, техникалык кесипти тандаган жаш адис станоктун түзүлүшүн китептен окуп эле тим болбостон, аны иш жүзүндө колдонуп көрөт. Электрик электр жабдуулары менен иштөөнүн эрежелерин теориялык жактан үйрөнүү менен бирге, тажрыйбалуу адистин көзөмөлүндө практикалык иштерди аткарат. Ашпозчу тамак жасоонун технологиясын окуу жайдан үйрөнүп, ошол эле учурда ресторанда же коомдук тамактануу жайында иш процессине катышат.

Мындай окутуу студентке кесипти туура тандоого да жардам берет. Айрым учурда жаштар кесип тандоодо анын реалдуу мазмуну жана күнүмдүк иши тууралуу жетиштүү маалыматка ээ болбой калышы мүмкүн. Ал эми өндүрүштүк практика аркылуу студент өзүнүн жөндөмүн, кызыгуусун жана тандаган кесибине болгон мамилесин текшере алат. Кесиптин өзгөчөлүгүн эрте түшүнгөн жаш келечектеги кесиптик багытын так аныктоого мүмкүнчүлүк алат.

Дуалдык билим берүүнүн дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – студенттин эмгек маданиятына эрте көнүшү. Окуу жайда белгиленген сабактын убактысы менен ишкананын эмгек тартиби айырмаланат. Иш ордунда кызматкерден тактык, жоопкерчилик, убакытты туура пайдалануу, кесиптештер менен иштешүү, коопсуздук эрежелерин сактоо талап кылынат. Студент ушул талаптарды окуп бүткөндөн кийин эмес, билим алып жаткан мезгилде эле өздөштүрө баштайт. Бул жагынан алганда дуалдык билим берүү жумуш берүүчү үчүн да пайдалуу. Ишкана студенттин жөндөмүн окуу мезгилинде байкап, келечекте өзүнө керектүү кадрды даярдоого катыша алат. Кызматкерлердин жетишсиздигин чечүүдө да мындай кызматташтык маанилүү роль ойнойт. Ишканага жаңы келген жаш адис өндүрүштүн шарттарын мурда эле билген болсо, анын жумушка ыңгайлашуу мезгили да кыскарышы мүмкүн.

Ошол эле учурда иш берүүчү окуу жай менен биргеликте кайсы адиске кандай көндүмдөр керек экенин аныктоого мүмкүнчүлүк алат. Анткени өндүрүш тез өзгөрүп жатат. Жаңы технологиялар, жабдуулар жана иш ыкмалары пайда болууда. Билим берүү программасы бир гана теорияга таянса, айрым учурда өндүрүштөгү жаңы талаптарды толук камтый албай калышы мүмкүн. Ишканалардын окуу процессине катышуусу бул ажырымды азайтууга шарт түзөт.

Дуалдык билим берүүнүн ийгиликтүү иштеши үчүн үч тараптын – мамлекеттин, билим берүү мекемесинин жана иш берүүчүнүн кызматташуусу маанилүү. Мамлекет тиешелүү укуктук жана уюштуруучулук шарттарды түзүп берсе, окуу жай сапаттуу теориялык даярдыкты камсыздайт. Ал эми ишкана студенттин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзөт. Бул тараптардын бирөөсү гана активдүү болуп, калгандары четте калса, дуалдык окутуунун натыйжалуулугу төмөндөшү мүмкүн.

Бул системада устаттын ролу да чоң. Студент ишканага барганда аны жөн гана жумушчу күч катары кабыл албастан, кесипке үйрөтүү зарыл. Тажрыйбалуу адис жаштарга жумуштун ыкмаларын көрсөтүп, кетирген каталарын түшүндүрүп, коопсуздук талаптарын үйрөтүп, кесиптик жоопкерчилигин калыптандырууга көмөктөшөт. Мындай мамиле жаш адистин ишенимдүү кадам ташташына шарт түзөт. Анткени кесиптик билимдин сапаты теориянын көлөмү менен эле өлчөнбөйт. Бүгүнкү күндө иш берүүчү үчүн «эмнени билет?» деген суроо менен катар «эмнени жасай алат?» деген суроо да маанилүү. Дал ушул жерде дуалдык билим берүүнүн өзгөчөлүгү көрүнөт. Студент билим алуу менен иш тажрыйбасын бир мезгилде топтоп, кесиптик жөндөмүн акырындап бекемдейт.

Кыргызстанда жаштардын кесиптик билимге болгон кызыгуусун жогорулатууда да дуалдык окутуунун мүмкүнчүлүгү чоң. Кээ бир жаштар жогорку билим алууну гана ийгиликтүү келечектин жолу катары кабыл алышат. Бирок эмгек рыногунда техникалык жана жумушчу кесиптерге да суроо-талап жогору. Электрик, ширетүүчү, механик, технолог, курулуш адиси, ашпозчу, тигүүчү, айыл чарба адиси сыяктуу кесиптер коом үчүн зарыл. Эгер бул кесиптер заманбап технологиялар менен айкалышып, татыктуу эмгек шарттары жана туруктуу киреше менен камсыздалса, алар жаштар үчүн да жагымдуу кесиптик багытка айлана алат.

Дуалдык билим берүү кесиптик жана техникалык билим берүүнүн аброюн жогорулатууга да салым кошо алат. Жаш адам окуу жайды бүткөндө колуна диплом алып эле тим болбостон, белгилүү бир иш тажрыйбасына ээ болсо, анын эмгек рыногуна чыгышы жеңилдейт. Иш берүүчү үчүн да жаңы бүтүрүүчүнүн практикалык даярдыгы маанилүү артыкчылык болуп саналат.

Мындан тышкары, бул модель жаштардын жумушсуздугун азайтууга багытталган чаралардын бири катары каралышы мүмкүн.

Айрыкча аймактар үчүн дуалдык билим берүүнүн мааниси чоң. Ар бир аймактын экономикасы жана эмгек рыногунун өзгөчөлүгү бар. Бир жерде айыл чарба адистерине суроо-талап жогору болсо, башка жерде курулуш, туризм, кайра иштетүү же тейлөө тармагы өнүккөн болушу мүмкүн. Окуу жайлар жергиликтүү ишканалар менен тыгыз байланыш түзгөндө, ошол аймакка керектүү кадрларды даярдоого көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындай система жаштарды өз аймагында калтыруу маселесине да кыйыр түрдө таасир бере алат. Эгер жаш адам өз айылында же шаарында сапаттуу кесиптик билим алып, практикадан өтүп, кийин ошол эле жерде жумушка орношо алса, башка жакка жумуш издеп кетүүгө болгон зарылдык азайышы мүмкүн. Бул үчүн, албетте, жергиликтүү ишканалардын өнүгүүсү, жумуш орундардын түзүлүшү жана эмгек шарттары да маанилүү.

Дуалдык билим берүүнүн дагы бир өзгөчөлүгү – анын заманбап технологиялар менен айкалыша алышы. Бүгүнкү өндүрүш санариптик технологияларга, автоматташтырууга жана жаңы жабдууларга өтүп жатат. Демек, кесиптик билим берүү да өзгөрүп, студенттерди жаңы технологиялар менен иштөөгө үйрөтүшү керек. Мындай шартта ишкана менен окуу жайдын байланышы дагы да маанилүү болуп калат. Ошол эле учурда дуалдык билим берүүнү өнүктүрүүдө бир катар маселелерге көңүл буруу зарыл. Биринчи кезекте ишканалардын студенттерди кабыл алууга даярдыгы болушу керек. Алар үчүн коопсуздук, устаттарды бекитүү, практиканын уюштурулушу жана студенттин укуктары менен милдеттери так аныкталышы зарыл. Студент арзан жумушчу күчү катары эмес, билим алып жаткан келечектеги адис катары кабыл алынышы керек.

Окуу жайлардын да жоопкерчилиги чоң. Теориялык сабактар иш жүзүндөгү талаптардан ажырап калбашы зарыл. Окутуучулар менен өндүрүштөгү адистердин ортосунда тажрыйба алмашуу жолго коюлса, окуу программаларынын мазмунун жаңылоого мүмкүнчүлүк көбөйөт. Ошондо студент алган билимин иш жүзүндө колдонууга даяр болот. Мындан тышкары, студенттин эмгеги менен окуусунун ортосундагы мамилени туура уюштуруу керек. Практика студенттин билим алуусуна тоскоол болбошу, тескерисинче, теориялык сабактарды бекемдөөгө кызмат кылышы зарыл. Ар бир кесип боюнча окуу менен практиканын катышы, милдеттери жана күтүлгөн натыйжалары так аныкталганда гана система туруктуу иштей алат.

Бүгүнкү күндө билим берүү системасынын алдында турган негизги милдеттердин бири – жаштарга диплом эле бербестен, турмушта жана эмгек рыногунда керектүү билим менен көндүмдү кошо берүү. Анткени заман өзгөргөн сайын кесиптерге болгон талап да өзгөрүп жатат. Иш берүүчүлөр демилгелүү, жоопкерчиликтүү, технологияны өздөштүрө алган жана билимин практикада пайдалана билген адистерге муктаж. Мына ушундай шартта дуалдык билим берүү билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы көпүрө боло алат. Анын жардамы менен студент аудиториядагы теорияны ишкананын реалдуу шартында бекемдеп, кесиптик жолун окуп жүрүп эле баштайт. Бул жаш адистин өзүнө болгон ишенимин арттырып, эмгек рыногуна даярдыгын күчөтөт.

Кесипке ээ болуу – бул диплом алуу менен бүтө турган процесс эмес. Чыныгы кесиптик даярдык билимди практикада колдоно билүүдөн, тажрыйба топтоодон, жоопкерчилик менен мамиле жасоодон жана өз ишиңди тынымсыз өркүндөтүүдөн турат. Дуалдык билим берүүнүн негизги артыкчылыгы да ушунда.

 

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар