Башкы беткеСаясатБашкы прокурор ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башкы көзөмөл органдарынын жыйынына катышты

Башкы прокурор ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башкы көзөмөл органдарынын жыйынына катышты

Башкы прокурор Малик Бектурганов Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 24-жыйынына катышты.

Жыйында жашы жете электердин укуктарын жана коопсуздугун коргоо, интернеттеги терс маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу жана балдарга карата кылмыштардын алдын алуу маселелери талкууланды.

Бектурганов санариптик технологиялардын өнүгүшү шартында балдардын интернет мейкиндигиндеги коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Кыргызстандын прокуратура органдарынын тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Ошондой эле ал санариптик коркунучтарга каршы күрөшүүдө өлкөлөр ортосунда маалымат алмашууну тездетүүнүн жана биргелешкен аракеттерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын соңунда катышуучулар Казань декларациясын кабыл алып, жыйынтыктоочу протоколго кол коюшту. Мындан тышкары, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен эксперттик топ түзүү макулдашылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар