Башкы беткеСаясатСпикер баштаган депутаттар Францияда жашаган мекендештер менен жолугушту

Спикер баштаган депутаттар Францияда жашаган мекендештер менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Францияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Францияда жашап, эмгектенип жаткан мекендештер менен жолугушту.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин «Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобунун жетекчиси Дастан Джумабеков, «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчиси Талант Мамытов баштаган депутаттар жана Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Францияда жашап жана эмгектенип жаткан кыргызстандыктардын актуалдуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, мекендештер тарабынан виза алуу жол-жоболору, Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн Францияда таануу, эмгек мигранттарынын турак жай шарттарын жакшыртуу, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын механизмдери аркылуу үй алууну жеңилдетүү боюнча маселелер көтөрүлдү.

Мындан тышкары, мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, Кыргызстандын жарандары менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты бекемдөө боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Төрага Марлен Маматалиев мекендештер көтөргөн маселелердин маанилүүлүгүн белгилеп, айтылган бардык сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте караларын билдирди.

Ошондой эле ал чет өлкөлөрдө жашап жана эмгектенип жаткан мекендештер менен үзгүлтүксүз байланышта болуу, алардын көйгөйлөрүн жеринде угуу жана аларды чечүүгө багытталган ишти күчөтүү Жогорку Кеңештин маанилүү багыттарынын бири экенин кошумчалады.

Соңунда тараптар мекендештер менен байланышты мындан ары да бекемдөө жана көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү боюнча пикир алышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар