“Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын 15 жылдык мааракеси Түркиянын Стамбул шаарында белгиленди.
Ага Кыргызстандын жети облусунан тандалган мыкты мугалимдер жана уюштуруучулар катышты. Делегация Түркияга Кыргыз улуттук “Манас” театрынын колдоосу менен маданий иш сапар менен барган.
Иш сапардын алкагында катышуучулар Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун ишмердүүлүгү менен таанышып, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Мындан тышкары, делегация Түркиянын маданий чөйрөсү менен таанышып, бир катар жолугушууларга катышты. Иш сапар “Манас” эпосун жана кыргыздын улуттук баалуулуктарын жайылтууга, мугалимдер арасында тажрыйба алмашууга жана Кыргызстан менен Түркиянын маданий байланыштарын бекемдөөгө багытталды.



