11-октябрда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, театрдын башкы балетмейстери Айзада Маметисаевна Тумакованын юбилейине арналган чыгармачылык кече өтөт.
Юбилейлик кеченин алкагында көрүүчүлөргө Ж.-М. Шнейцхоффер жана Г. Лёвенскольддун дүйнөлүк классикалык балет репертуарындагы белгилүү чыгармалардын бири — «Сильфида» балетинин жаңы коюлушу тартууланат. Балетмейстер-коюучу — Айзада Тумакова.
Чыгармачылык жол
Айзада Тумакова Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайын жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.
Чыгармачылык жолун А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында баштап, кийин Тажикстандын С. Айни атындагы мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында, Бишкек хореографиялык окуу жайында жана Швециянын Стокгольм шаарындагы «Les Ballets Persans» балет труппасында эмгектенген.
Ал эл аралык фестивалдарга катышып, классикалык жана заманбап балеттерде башкы партияларды аткарган.
2022-жылдан бери Айзада Тумакова театрдын башкы балетмейстери кызматын аркалап, балет труппасынын чыгармачылык өнүгүүсүнө жана артисттердин аткаруучулук чеберчилигин жогорулатууга багытталган иштерди жүргүзүп келет.
Анын жетекчилиги алдында К. Молдобасановдун «Куйручук», А. Глазуновдун «Раймонда» жана «Сильфида» балеттери сахналаштырылган.
Айзада Тумакова кыргыз балет өнөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга жана чыгармачылык байланыштарды кеңейтүүгө да өз салымын кошуп келет. Анын катышуусунда кыргыз балет труппасынын Түштүк Кореяга жана Испанияга гастролдору уюштурулган.
«Сильфиданын» башкы партияларында — жаш артисттер
Юбилейлик кечеде «Сильфида» балетинин башкы партияларын кыргыз балетинин жаш мууну аткарат:
- Сильфида — Адинай Эмильбекова;
- Жеймс — Саади Иманкулов;
- Мэдж — Нурадил Абдыназаров;
- Эффи — Айдана Галиева;
- Гурн — Атабек Садыркулов;
- Мама — Татьяна Майорова.
Дирижёр-коюучу — Захар Бутенко.
Сүрөтчү-коюучу — Садык Мурзаханов.
Юбилейлик чыгармачылык кече Айзада Тумакованын кыргыз балет искусствосуна кошкон салымын белгилөө менен катар, жаш артисттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири аудиторияга таанытууга багытталган.



