Башкы беткеМаданиятКыргыз театрынын 100-сезонунда октябрь айынын репертуары сунушталат

Кыргыз театрынын 100-сезонунда октябрь айынын репертуары сунушталат

Кыргыз театрынын кылымдык тарыхын уланткан 100-сезондун алкагында октябрь айында көрүүчүлөргө ар түрдүү жанрдагы спектаклдер тартууланат.

Репертуарга адам тагдыры, турмуштук баалуулуктар жана коомдук маселелерди чагылдырган чыгармалар киргизилген. Спектаклдер көрүүчүлөргө терең ой жүгүртүүгө түрткү берген мазмуну менен сунушталат.

Октябрь айындагы спектаклдер саат 19:00дө башталат. Билеттин баасы — 500 сом.

Билеттерди ticket.kg жана kassir.kg платформаларынан онлайн сатып алууга болот. Театрдын кассасы боюнча маалымат алуу үчүн 0550 557 255 телефон номерине кайрылууга болот.

Театрдын көркөм жетекчиси — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Альбина Имашова. Директору — Кыргыз Республикасынын эл артисти Асылбек Өзүбеков.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар