Илон Масктын байлыгы “Tesla” жана “SpaceX” компанияларынын акциялары кымбаттагандан кийин кайрадан 1 триллион доллардан ашты. Бул тууралуу Форбес маалымдаганын Казинформ жазды.
5-октябрдагы соода жыйынтыгында Масктын байлыгы 1 триллион долларга жетип, 2-октябрга салыштырмалуу 30,6 миллиард долларга көбөйгөн.
Маск дүйнөдөгү эң бай адам бойдон калууда. Экинчи орунда турган Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безостун байлыгы 371,5 миллиард доллар деп бааланууда.
Маск алгач июнь айында SpaceX компаниясы Nasdaq биржасына чыккандан кийин триллионер болгон. Бирок бир нече күндөн кийин “SpaceX” жана “Tesla” акцияларынын арзандашынан улам бул макамынан ажыраган.
5-октябрда “Teslaнын” акциялары 1%дан ашык, ал эми “SpaceXтин” акциялары 5%дан ашык өскөн. “SpaceX” акциясынын баасы 167 долларга жеткен.
Мындан бир нече күн мурда, 2-октябрда, Teslaнын үчүнчү чейректеги унаа жеткирүүлөрү аналитиктердин күтүүсүнөн ашып кеткенден кийин Масктын байлыгы бир күндө 61 миллиард долларга көбөйгөн.



