18–23-октябрь күндөрү Тажикстандын аймагында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) атайын багыттагы күчтөрүнүн “Кобальт-2026” аттуу атайын машыгуусу өтөт. Бул тууралуу ЖККУнун басма сөз кызматы билдирди.
Машыгууга ЖККУга мүчө мамлекеттердин ички иштер, улуттук коопсуздук, атайын жана баңгизатка каршы кызматтарынын, ошондой эле куткаруу жана өрткө каршы түзүмдөрүнүн атайын бөлүктөрү катышат.
Машыгуунун жүрүшүндө бандиттик түзүмдөрдү жана террордук топторду зыянсыздандыруу, куралдуу аткезчилердин ишмердигине бөгөт коюу жана баңгизат ташуу каналдарын жабуу боюнча биргелешкен аракеттер иштелип чыгат.
Иш-чарага атайын автоунаалар жана брондолгон техника, учкучсуз учуучу аппараттар жана авиация тартылат.
Машыгууга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ), Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тиешелүү түзүмдөрүнүн жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү байкоочу катары чакырылган.



