Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында медицина кызматкерлери жана фармацевттер үчүн “Жусуп” тарыхый-көркөм тасмасынын атайын көрсөтүүсү өттү.
Тасмада көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу, мамлекеттик ишмердиги жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына кошкон салымы баяндалат. Ошондой эле ошол мезгилдеги маанилүү тарыхый окуялар көркөм чагылдырылган.
Көрсөтүүдөн кийин тасманын чыгармачыл тобу менен жолугушуу уюштурулду. Анда фильмдин жаралуу тарыхы, тартуу иштери жана чыгармачылык чечимдер тууралуу сөз болуп, көрүүчүлөр өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тасма боюнча пикирлерин билдиришти.



