Башкы беткеМаданиятСабырбек Акылбеков: “97-чакырымда”

Сабырбек Акылбеков: “97-чакырымда”

Бул картинаны алгач ирет мектепте окуп жүргөнүмдө көргөм. Азыр канчанчы класста жана кайсы окуу китеби эле, эсимде жок. Айтор эжейибиз, Сабырбек Акылбеков белгилүү кыл калем чебери экенин, анын “97-чакырымда” картинасы социалисттик түзүлүштүн өр тартып бараткан турмушун, бейпилдикти, совет элинин кайратмандыгын чагылдырган символикалуу картина болгону менен баалуулугун айтса керек эле.

Андан бери жарым кылымдай өттү. Бир караганда картинада өзгөчө деле окуя жоктой сезилет: тоо, жол, талаа, жолдун эки жагында жарыша кеткен электр мамылары жана өрдү көздөй келаткан кош жүк ташуучу унаа. Оң жакта электр мамысына керилген зымдарга конуп отурган чабалекейлер, сол жакта 97 деп жазылган жол көрсөткүч мамысы, жол боюндагы жапыз жашыл бадалдар. Асман ачык көк, тоолордун үстүндө саргыч булуттар каптап турат.

Арийне, сүрөтчүнүн негизги табылгасы да мына ошол жөнөкөйлүктө. Ал көрүүчүнүн көңүлүн чоң окуяга эмес, күнүмдүк жашоонун кадимки бир ирмемине бурат. Картина 1960-жылы тартылган. Демек, эжей айткандай, анда өзгөрүп, өнүгүп жаткан өлкөнүн пейзажы тартылганында эч шек жок. Картина тартылган датаны чыгарманын көркөм мазмунунан бөлүп кароого болбойт. Анткени сүрөттө тоо, жол, талаа, мамылар гана эмес, ошол мезгилдин өзгөрүп жаткан турмушу да бар.

Картинанын борборун аралап өткөн жол, алыстап бараткан жүк ташуучу унаа, жол боюндагы электр мамылары — мунун баары тоолуу аймактын акырындык менен жаңыдан өнүгүп жаткан мейкиндикке айланып баратканын көрсөтөт. Согуштан кийинки жылдары Кыргызстанда жолдорду калыбына келтирүү жана жаңы жолдорду куруу уланган. Ал эми 1950-жылдардын аягында Фрунзе–Ош жолунун курулушу өзгөчө масштабдуу долбоорго айланып, 1965-жылы пайдаланууга берилген.

Ушул жагынан караганда, картинанын жолу жөн гана пейзаждык деталь эмес. Ал — доордун кыймылынын белгиси. Кечээ гана ат-көчө, кербен жолу менен байланышкан мейкиндикте эми автомобиль жүрүп жатат. Электр мамылары да жаратылыш мейкиндигине жаңыча жашоо кирип келе жатканын билдирет. Кыргызстандагы энергетикалык система советтик беш жылдыктар мезгилинде калыптанып, өнүгүп келген.

Ошол эле учурда сүрөтчү бул өзгөрүүнү ашкере даңазалап же чоң курулуштар, заводдор, адамдардын көптүгү аркылуу көрсөтпөйт. Ал доордун үнүн тынч пейзаждын ичинен тапкан. Тоо баягыдай эле ордунда, баягыдай эле улуу жана сүрдүү. Анын этегиндеги жол гана өзгөргөн. Тоонун жолунда өр тартып келаткан жүк ташуучу машина болсо адамдын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн билдирип турат. Тоо — туруктуулуктун, жол — өзгөрүүнүн, ал эми машина — ошол өзгөрүүнү алып келе жаткан мезгилдин белгисиндей.

Ушундан улам картинада эки убакыт катар жашап тургандай таасир калат: түбөлүктүү тоо жана өзгөрүп жаткан адам дүйнөсү.

Мындагы өзгөчө маанилүү көрүнгөн нерсе — сүрөтчү 1960-жылдагы Кыргызстанды идеологиялык ураандар менен эмес, анын күнүмдүк көрүнүшү аркылуу бергендиги. Бул жерде плакаттык шаан-шөкөт жок, ураан жок, бирок доордун деми бар. Жөн гана жол, машина, электр зымы, талаа жана тоо бар. Бирок дал ушул жөнөкөй деталдар ошол доордун тарыхын айтып турат.

Картинада чоң курулуштар көрүнбөйт, бирок жол бар. Шаар көрүнбөйт, бирок электр зымдары тартылган. Адамдын өзү дээрлик көрүнбөйт, бирок анын эмгегинин изи бүтүндөй пейзаждан сезилет.

Ошондуктан бул картинаны бүгүн караганда, биз жөн гана өткөн кылымдын тоо пейзажын эмес, өзгөрүп жаткан Кыргызстандын бир көз ирмемин көрөбүз. Ал эми сүрөттөгү өргө келаткан машина — кайсы бир айылга бара жаткан унаа гана эмес, бүтүндөй бир доордун алдыга карай жылып бара жатканын туюнткан образ сыяктуу.

Картинанын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү — адам табиятты басып калган эмес. Сүрөттө шаар, бийик имараттар, завод-фабрикалар жок. Электр мамылары гана адамдын цивилизациясын билдирип турат. Алар тоонун фонунда абдан майда көрүнөт. Электр зымдары да тоонун чоңдугуна салыштырмалуу назик, ичке сызыктар.

Бул композициялык чечим аркылуу сүрөтчү адамдын дүйнөсү менен жаратылыштын дүйнөсүн салыштырып койгондой.

Адам жол салды, электр өткөрдү, унаа менен тоолорду аралады. Бирок ошол эле учурда тоо дагы эле өзүнүн улуулугун сактап турат. Адам табияттын ичинде жашайт, бирок анын алдында дагы деле кичинекей. Сабырбек Акылбеков бул жерде тоону гана тарткан эмес. Ал адамдын жолун тоонун фонунда көрсөткөн. Ошондуктан чыгармада мекен темасы даана сезилет. Бул жерде мекен шаардын көрүнүшү же салтанаттуу архитектура аркылуу эмес, жол, талаа, тоо, жарык жана күнүмдүк тиричилик аркылуу берилген.

Бул чыгармадагы эң кызыктуу нерселердин бири — жарыктын берилиши. Асман ачык боз-көгүш түстө. Булуттар күндүн жарыгын жумшартып тургандай. Жол болсо ошол жарыкты өзүнө сиңирип, картинанын эң жарык жерлеринин бирине айланган. Ал эми тоолор салыштырмалуу күңүрт. Сүрөтчү композицияда эки дүйнөнү карама-каршы койгон: жарык жол — караңгыраак тоо. Бул жөн гана түстүк контраст эмес. Жарык жол адамды алдыга чакырып тургандай таасир калтырат. Кайда алып барары белгисиз, бирок жол уланууда.

Картинанын сол тарабындагы «97» деген жол белгиси өзгөчө мааниге ээ. Алгач караганда жөн гана жол боюндагы белги сыяктуу. Бирок сүрөтчү аны атайын композицияга киргизип, көрүүчүнүн көзүнө түшө тургандай кылган. «97» — жолдун конкреттүү, реалдуу дүйнөгө таандык экенин көрсөтөт. Биз жомоктогу же абстракттуу мейкиндикте эмеспиз. Бул — адам басып өткөн, унаа жүргөн, белгилүү бир чекиттен экинчи чекитке алып барган чыныгы жол. Ошол эле учурда 97 деген сан жолдун узактыгын, өткөн аралыкты да сездирет. Адам бул жолдо кайдан келди, кайда бара жатат? Унаа кайда барат? Бул жол кайда алып барат? Адам артында эмнени калтырды? Алдыда аны эмне күтүп турат? деген суроолорго сүрөтчү жооп бербейт, ачык калтырат. Картинанын көркөм күчү да ушунда.

Бул жерде драмалык окуя жок. Адамдар көп эмес. Кыймыл да аз. Бирок дал ошол тынчтык чыгарманын эмоционалдык күчүн арттырат.

Бул — тынч жашоонун пейзажы. Жолдо бара жаткан унаа, талаадагы өсүмдүктөр, электр зымдары, тоолор, булуттар — баары өз ордунда. Жашоо кадимкидей уланып жатат.

Бир сөз менен бул картинанын идеясы мындай: адамдын жолу узак, убакыт өтөт, муундар алмашат, бирок мекендин тоолору өз ордунда калат.

 

 

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар