8–22-октябрь күндөрү Ош шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын сүрөтчүлөрүнүн катышуусунда «Jai Jai» заманбап өнөр көргөзмөсү өтөт. Көргөзмөнүн расмий ачылышы 8-октябрда саат 14:00дө болот.
«Jai Jai» долбоору Ош шаарынын тарыхын, маданий мейкиндигин жана бүгүнкү күндөгү өзгөрүүлөрүн заманбап искусство аркылуу чагылдырууга багытталган. Көргөзмөнүн экспозициясында Борбор Азия өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрүнүн фото, живопись, текстиль, керамика, инсталляция жана видео форматындагы эмгектери сунушталат.
Экспозиция Ош шаарындагы беш маданий мейкиндикте уюштурулат. Алардын катарында Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи, Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасы, Brio кофейнясы, «Сузак» чайканасы жана сүрөтчүлөрдүн үй-өнөрканасы бар.
Мындан тышкары, 8–10-октябрь күндөрү көргөзмөнүн алкагында панелдик талкуулар, куратордук экскурсиялар, воркшоптор, көркөм перформанс жана поэзия кечеси өткөрүлөт.
Долбоор «Аманат-Өмүр» коомдук фонду тарабынан Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи менен биргеликте, Швейцария Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Көргөзмө Борбор Азиянын заманбап искусствосунун өкүлдөрүн бир аянтчага чогултуп, Ош шаарынын тарыхы менен бүгүнкү маданий жашоосун жаңы чыгармачылык көз караштан таанытууга мүмкүнчүлүк түзөт.



