Башкы беткеМаданиятКарл Райхлдын түрк эпостору тууралуу эмгеги кыргыз тилинде жарык көрдү

Карл Райхлдын түрк эпостору тууралуу эмгеги кыргыз тилинде жарык көрдү

Белгилүү немис эпос таануучусу, түрколог Карл Райхлдын “Түрк эпостору: Салттуу түрү, поэзиялык түзүлүшү” аттуу илимий эмгеги алгачкы жолу кыргыз тилинде жарык көрдү.

Түрк элдеринин эпикалык мурастарын изилдөөдө өзгөчө орду бар бул эмгек алгач 1992-жылы англис тилинде жарык көрүп, кийин түрк, орус жана кытай тилдерине которулган. Эми окумуштуунун көп жылдык изилдөөлөрү кыргыз окурмандарына да эне тилинде жетти.

Карл Райхл кыргыз, өзбек, каракалпак жана башка түрк тилдүү элдердин эпосторун түп нускасында изилдеп, алардын поэтикалык өзгөчөлүктөрүн, мазмундук маанисин жана салттуу түзүлүшүн кеңири талдап келген белгилүү окумуштуу катары таанымал. Анын эмгектеринде “Манас” эпосу жана кыргыздын эпикалык салты да маанилүү орунду ээлейт.

Китепти кыргыз тилине Тынчтыкбек Чоротегин жана Чолпон Субакожоева которушкан. Басылманын жооптуу редактору — профессор Курманбек Абакиров. Ал эми айрым илимий тактоолорду Тынчтыкбек Чоротегин киргизген.

Эмгектин кыргызча басылышына арналган Баш сөздү коомдук жана саясий ишмер, укук илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Карганбек Самаков жазган.

Карганбек Самаков бул долбоордун демилгечиси жана уюштуруучусу гана болбостон, китептин жарык көрүшүнө демөөрчүлүк кылган. Ошондой эле ал басылманы бир нече томдон турган манастаануу түрмөгүнүн алкагындагы “Манас жана Райхл” бөлүмү катары кароого болорун белгилейт.

Китеп, биринчи кезекте, манастаануучуларга, фольклор таануучуларга, кыргыз таануучуларга, түрк элдеринин оозеки чыгармачылыгын изилдеген адистерге жана “Манас” эпосунун изилденүү тарыхына кызыккан кеңири окурман журтуна арналган.

Райхлдын кыргыз эпикалык мурасына болгон кызыгуусу бүгүн да уланып келет. Окумуштуу кыргыздын санжырасы жана эпикалык салты боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, кытайлык залкар манасчы Жусуп Мамайдын айтуусуна да илимий кызыгуу көрсөтүп келе жатканы маалым.

Бул китептин кыргыз тилинде жарык көрүшү түрк элдеринин эпикалык мурасын эне тилде таанып-билүүгө, дүйнөлүк илимий изилдөөлөр менен кыргыз окурманын жакындатууга өбөлгө түзгөн маанилүү кадам болуп калды.

Ийгилик БОЛСУНБАЕВ

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар