Башкы беткеИлимБишкекте Россия-Кыргыз агрардык университеттер консорциумунун жыйыны өттү

Бишкекте Россия-Кыргыз агрардык университеттер консорциумунун жыйыны өттү

Бишкекте өткөн Россия-Кыргыз билим берүү форумунун алкагында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде агрардык университеттердин Россия-Кыргыз консорциумунун жыйыны өттү.

Жыйында консорциумдун 2025–2026-жылдардагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2027–2028-жылдарга карата иш планы бекитилди.

Иш-чарага Кыргызстандын жана Россиянын жогорку окуу жайларынын жетекчилери, окумуштуулар, мамлекеттик органдардын жана тармактык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты. КУАУнун ректору Нурзат Тотубаева консорциумдун курамы кеңейип, университеттердин ортосундагы илимий жана билим берүү байланыштары күчөп жатканын белгиледи.

Ошондой эле агрардык тармак үчүн адистерди даярдоо, академиялык мобилдүүлүк, дуалдык окутуу жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды. КУАУнун маалыматына ылайык, университеттин айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча лабораториясы 3,5 миңден ашуун фермерге практикалык жардам көрсөткөн.

Форумдун алкагында билим берүү жана илим, санариптик технологиялар жана биргелешкен долбоорлор боюнча бир катар макулдашууларга кол коюлду. Ошондой эле консорциумдун 2027–2028-жылдардагы ишин уюштуруу боюнча жол картасы кабыл алынды.

Мындан тышкары, геномдук селекция, топурак биоинженериясы, так дыйканчылык жана санариптик технологиялар боюнча панелдик талкуулар өттү. Катышуучулар эки өлкөнүн агрардык ЖОЖдорунун илимий-билим берүү кызматташтыгын кеңейтүү жана эмгек рыногуна керектүү адистерди даярдоо маселелерин карашты.

Форумдун агрардык багыты Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын түз байланыштарын бекемдөөгө жана биргелешкен илимий-билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар