Башкы беткеМаданиятОшто «Ош акварели» көргөзмөсү жана «Jai Jai» эл аралык өнөр долбоору ачылды

Ошто «Ош акварели» көргөзмөсү жана «Jai Jai» эл аралык өнөр долбоору ачылды

Ош шаарында «Ош акварели» көргөзмөсү жана «Jai Jai» («Жай, жай») эл аралык заманбап искусство долбоору ачылды. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти. «Ош акварели» көргөзмөсү акварель өнөрүн жайылтууга, анын көркөм мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө жана жаш таланттарды колдоого багытталган. Долбоор Ош шаарында акварель искусствосуна арналган алгачкы атайын демилгелердин бири катары белгиленүүдө.

Ал эми «Jai Jai» эл аралык заманбап искусство долбоору Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан келген чыгармачыл адамдарды бириктирет. Долбоордун алкагында Ош шаарынын тарыхын, бүгүнкү турмушун жана келечегин заманбап искусство аркылуу чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Аталган долбоорлор Ош шаарындагы маданий чөйрөнү өнүктүрүүгө, чыгармачыл байланыштарды чыңдоого жана заманбап искусствону жайылтууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар