Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кумшекер ташып келүүгө алты айга убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документ өлкөдө өндүрүлгөн кумшекерди сатууга шарт түзүү жана кант кызылчасын өстүргөн дыйкандарды колдоо максатында даярдалган.
Маалыматка ылайык, быйыл январь–июль айларында республикага 66,9 миң тонна кумшекер импорттолгон. Ал эми былтыр ушул эле мезгилде бул көрсөткүч 16,5 миң тоннаны түзгөн. Өлкөгө кумшекер негизинен Бразилия, Россия, Азербайжан, Казакстан жана Беларустан ташылып келген.
Ошол эле учурда Кыргызстанда быйыл 700–710 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, андан 84 миң тоннага жакын кумшекер өндүрүлөрү күтүлүүдө.
Документте белгиленгендей, сырттан арзан продукциянын көп келиши жергиликтүү бааны түшүрүп, дыйкандардын кирешесин азайтат. Бул жагдай келерки жылы кант кызылчасынын айдоо аянтынын кыскарышына алып келүү коркунучун жаратууда.
Кыргызстанда калктын кумшекерге болгон жылдык керектөөсү орто эсеп менен 120 миң тоннаны түзөт. Өлкөдө өндүрүлө турган көлөм жана мурдагы запастар ички керектөөнү толук камсыз кылууга жетет деп эсептелүүдө.
Ал эми Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө транзит менен өтүп жаткан, реэкспорт үчүн киргизилген жана “экстра” сортундагы кумшекерге чектөө колдонулбайт. Ошондой эле токтом күчүнө киргенге чейин өлкөдөгү алуучуга жөнөтүлүп, жолдо келе жаткан жүктөр да тыюуга кирбей тургандыгы каралган.



