Башкы беткеМаданиятАдабият боюнча Нобель сыйлыгы акын Энн Карсонго ыйгарылды

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы акын Энн Карсонго ыйгарылды

2026-жылдагы адабият боюнча Нобель сыйлыгы канадалык акын Энн Карсонго ыйгарылды. 8-октябрда Швед академиясы өз чечимин угузуп, Карсон айым классикалык адабияттын салттарын жаңычылдык менен колдонуп, заманбап адабиятта жаңы формаларды жаратканы үчүн сыйлыкка татыды деп баалады. Адабий коомчулук анын чыгармачылыгын терең изденүүдөн жаралган тайманбас образдар деп эсептейт.

Карсондун Геракл тууралуу мифтер менен жуурулушкан “Кызылдын автобиографиясы” деген ыр менен жазылган романы эң белгилүү. Анын эң соңку чыгармасы “Натуура форма” 20254-жылы жарык көргөн. Карсон өзү чыгармаларынын башаты байыркы мифтер экенин, көөнө сөздөрдүн келип чыгышын изилдөөдөн улам көркөм образдар жаралганын билдирген.
Адабият боюнча Нобель сыйлыгы 1901-жылдан бери берилип келет. Швед академиясы 119 жолу 123 адамга (автордук топту кошкондо) адабият боюнча Нобель сыйлыгын ыйгарды. Анын ичинен Энн Карсон 19-лауреат айым. Хан Кан 2024-жылы, Анни Эрно 2022-жылы, Луиза Глюк 2020-жылы сыйлыкка татыган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар