Башкы беткеДүйнөИлон Маск "Азыркынын Томас Эдисону" аталды

Илон Маск “Азыркынын Томас Эдисону” аталды

АКШнын президенти Дональд Трамп 8-октябрда Вашингтондо SpaceX компаниясынын жетекчиси Илон Маскка жана технология тармагынын бир катар өкүлдөрүнө Улуттук илим медалын тапшырды. Бул тууралуу Euronews басылмасы жазды.

Сыйлык Масктан тышкары Google компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сергей Бринге, Nvidia компаниясынын жетекчиси Женсен Хуангга жана AMD компаниясынын башчысы Лиза Суго берилди.

Трамп Маскты “Азыркынын Томас Эдисону” деп атап, анын илим менен технологияны өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалады.

Ак үйдүн маалыматына ылайык, Маск космосту изилдөө, интеллектуалдык системалар жана байланыш технологиялары жаатындагы инженердик жетишкендиктери үчүн сыйланды.

Белгилей кетсек, Трамп менен Масктын мамилеси буга чейин АКШнын мамлекеттик чыгымдарына байланыштуу мыйзам долбоорунан улам начарлаган. Акыркы апталарда алардын кызматташтыгы кайра жандана баштаганы кабарланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар