Президент Садыр Жапаров 12-октябрда Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, ошондой эле алдыдагы ири долбоорлор тууралуу маалымат алды.
Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулунун маалыматына караганда, райондо өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылы 994,9 млн сомду түзсө, 2026-жылдын тогуз айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 3 млрд сомго жеткирүү пландалууда.
Инвестициялардын көлөмү да өскөн. 2021-жылы 1 млрд 766,3 млн сомду түзгөн инвестиция 2026-жылдын тогуз айында 2 млрд 838 млн сомго жетти. Жыл жыйынтыгы боюнча 4 млрд сом инвестиция тартуу көздөлүүдө.
Салыктык түшүүлөр 2021-жылдагы 340,8 млн сомдон быйылкы тогуз айда 735,8 млн сомго чейин көбөйгөн. Жыл аягына чейин бул көрсөткүч 1 млрд сомдон ашары күтүлүүдө.
Райондо билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт тармактарында 91 объект пайдаланууга берилген. Ошондой эле 13 жаңы өнөр жай ишканасы ачылып, 138 жумуш орду түзүлгөн. Алардын арасында эки чакан ГЭС, асфальт заводу, таш майдалоочу цехтер, товардык бетон, пеноблок жана газоблок өндүрүүчү ишканалар, тигүү цехи бар.
Учурда 21 айылда таза ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Долбоорлордун жалпы наркы 574,3 млн сомду түзөт.
Мындан тышкары, 2011-жылдагы жер титирөөдөн кийин авариялык абалга келген Кадамжай шаарындагы жети көп батирлүү үйдүн ордуна жаңы көп кабаттуу турак жайларды куруу башталган. Долбоор жеке компания тарабынан ишке ашырылууда.
Кадамжай шаарынын мэри Бакытбек Кошалиевдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын тогуз айында шаардагы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1 млрд 581,2 млн сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 368,8 млн сомго көп. Өсүү темпи 129,7 пайызды түздү.
Шаарга тартылган инвестициялардын көлөмү быйылкы тогуз айда 925,1 млн сомго жетип, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 199 млн сомго көбөйгөн. Өсүү темпи 127,4 пайызды түзгөн.



