Башкы беткеМаданиятӨзбекстандын Хива шаары 2026-жылы Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору болду

Өзбекстандын Хива шаары 2026-жылы Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору болду

12-октябрда Өзбекстандын Хива шаарында «Хива — Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору — 2026» жылынын расмий ачылыш аземи өттү.

Эл аралык иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын делегациясы да аземге катышып, түрк мамлекеттеринин жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү демилгелерин колдоду.

Иш-чаранын максаты — жаштар арасындагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү.

Аземдин алкагында катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү жаштар саясатынын негизги багыттарын талкуулап, тажрыйба алмашты. Ошондой эле келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

«Хива — Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору — 2026» демилгеси жаштардын билим берүү, маданият, инновация жана коомдук өнүгүү тармактарындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар