«Кыргызсериал» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси тарткан режиссёр жана сценарист Наргиза Дотиеванын «Эрезе» көркөм тасмасы Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалдын программасына кирди.
50-жолу уюштурулуп жаткан Mostra Internacional de Cinema em São Paulo фестивалы 15–29-октябрь күндөрү өтөт. Анда дүйнөнүн 93 өлкөсүнөн 380 тасма көрсөтүлөт.
Сан-Паулу эл аралык кинофестивалы көз карандысыз тасмаларды колдоого, жаңы режиссёрлордун эмгектерин таанытууга жана өлкөлөр ортосундагы маданий байланышты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири.
«Эрезе» тасмасынын фестивалдын программасына тандалышы кыргыз киносун эл аралык көрүүчүлөргө таанытууга жана улуттук кинематографиянын дүйнөлүк аренадагы ордун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирип, тасманын режиссёру Наргиза Дотиевага жана чыгармачыл топко ийгилик каалады.



