13-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында Кыргыз Республикасынын эл артисти, манасчы жана акын Уркаш Мамбеталиевдин бюстунун ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчиси М. Букуев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, маданият жана адабият өкүлдөрү, ошондой эле манасчынын кызы Гүлмира Мамбеталиева катышты.
Аземде Айбек Дайырбеков Уркаш Мамбеталиевдин улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана манасчылык өнөрдү жайылтууга кошкон салымын белгиледи.
Уркаш Мамбеталиев 1934-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн. Ал 1962-жылдан тартып Кыргыз улуттук филармониясында манасчы болуп эмгектенип, 44 жылдык чыгармачылык өмүрүн кыргыз элинин руханий мурасын жайылтууга арнаган. «Манас» эпосун жана элдик дастандарды аткаруу менен катар ыр жыйнактарын да жараткан.
Анын эмгеги Кыргыз Республикасынын эл артисти ардактуу наамы жана III даражадагы «Манас» ордени менен бааланган.
Манасчынын бюстун скульптор Тамила Маматова жасаган. Ал филармониядагы залкар инсандардын айкелдеринин катарын толуктап, Уркаш Мамбеталиевдин кыргыз маданиятына кошкон салымын жана чыгармачылык мурасын эскертип турмакчы.



