Башкы беткеЭкономика«Кыргыз Почтасынын» негизинде жаңы банк ачылат

«Кыргыз Почтасынын» негизинде жаңы банк ачылат

Кыргызстандын Улуттук банкы «Почта Банк» юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Жаңы банк өлкөнүн бардык аймактарындагы калкка жана ишкерлерге банктык кызматтардын толук түрүн көрсөтүүнү пландап жатат.

Долбоордун негизги максаты — банктык инфраструктураны өнүктүрүү жана финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Өзгөчө ири шаарлардан алыс жайгашкан аймактардын тургундарына банктык кызматтарды көрсөтүүгө көңүл бурулат.

Долбоордун негизги өнөктөшү катары өлкө боюнча кеңири бөлүмдөр жана агенттик түйүндөр тармагына ээ болгон «Кыргыз Почтасы» ачык акционердик коому катышат. Бул кызматташтык банктык тейлөөнү өлкөнүн алыскы аймактарына чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Эми долбоор мыйзамда белгиленген лицензия алуу жол-жоболорунан өтүп, керектүү иштөө тутумдарын жана инфраструктурасын түзүшү керек. Бул иштер аяктагандан кийин банк толук кандуу ишин баштоого даярдалат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар