Бүгүн, 14-октябрда «Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Балага сүйүнчү» мамлекеттик жөлөк пулун тариздөө боюнча электрондук кызмат ишке киргизилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эми ата-энелер жөлөк пул алуу үчүн арызды смартфон аркылуу берип, калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барбастан эле кызматтан пайдалана алышат.
Жаңы кызмат Социалдык камсыздоонун бирдиктүү тутумуна (СКБТ) тиешелүү модулду киргизүүнүн алкагында ишке ашырылды. Бала төрөлгөнү ЖААК (ЗАГС) органдарында катталгандан кийин ата-энелер санариптик кызматты колдонуп, жөлөкпул алуу үчүн арызды аралыктан бере алышат.
Электрондук кызматты ишке киргизүү жөлөкпулду тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө, административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана жаңы төрөлгөн балдары бар үй-бүлөлөр үчүн мамлекеттик колдоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Ошол эле учурда жөлөкпулду КТБлар аркылуу салттуу тартипте тариздөө мүмкүнчүлүгү сакталат. Жарандар кызмат алуунун өздөрүнө ыңгайлуу жолун — электрондук же жеке кайрылуу форматын тандай алышат.
Санариптештирүүнүн башкы максаты — мамлекеттик кызматтарды ар бир жаран үчүн жеткиликтүү, жөнөкөй жана ыңгайлуу кылуу.



