Башкы беткеКоомТогуз айда камсыздандыруу төлөмдөрү 500 млн сомдон ашты

Тогуз айда камсыздандыруу төлөмдөрү 500 млн сомдон ашты

2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 500 млн сомдон ашты. Бул 2025-жылы төлөнгөн жалпы суммадан 3,4 эседен көп.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, 2025-жылы камсыздандыруунун ар кандай түрлөрү боюнча жалпысынан 146,7 млн сом төлөнгөн.

2026-жылдын тогуз айындагы төлөмдөр камсыздандыруунун түрлөрү боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

ОСАГО боюнча — 146,9 млн сом;

турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча — 57,7 млн сом;

камсыздандыруунун башка түрлөрү боюнча — 303,2 млн сом.

Жалпысынан төлөмдөрдүн көлөмү 507,8 млн сомду түздү.

Уюмдун маалыматына караганда, бул көрсөткүчтөр камсыздандыруу системасынын калктын финансылык коопсуздугун камсыз кылуудагы ролун көрсөтөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар