Министрлер кабинети 2027-жылы республика боюнча 100 жашылча сактоочу жай курууну пландап жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, түшүм жыйноо маалында жашылча-жемиштердин баасы арзандап кеткендиктен, айыл чарба продукциясын сактоо үчүн шарттарды түзүү зарыл.
«Продукцияны сактай билиш керек. Бир нече айдан кийин аны кирешелүү баада сатуу маанилүү. Бул фермерлер үчүн да, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн да пайдалуу», — деди Акунбеков.
Ошондой эле ал айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын пикиринде, продукцияны сактоо жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү дыйкандарга түшүмүн пайдалуу баада сатууга шарт түзөт.



