Башкы беткеМаданиятБишкекте кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына арналган XIV республикалык театр фестивалы өтөт

Бишкекте кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына арналган XIV республикалык театр фестивалы өтөт

2026-жылдын 26–30-октябрь күндөрү Бишкек шаарында кыргыз профессионал театрынын түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган XIV республикалык театр фестивалы өтөт.

Мааракелик иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулууда. Фестивалдын негизги максаты — улуттук театр искусствосунун жетишкендиктерин даңазалоо, чыгармачылык тажрыйба алмашууга шарт түзүү жана театр өнөрүн өнүктүрүү.

Фестивалга эксперттик комиссиянын тандоосунан өткөн 10 мамлекеттик жана муниципалдык театр катышат. Алар көрүүчүлөргө мыкты спектаклдерин тартуулашат. Иш-чаранын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, бир катар атайын номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Спектаклдер Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын, Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын, ошондой эле Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын сахналарында көрсөтүлөт.

Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 26-октябрда саат 15:00дө, ал эми жабылыш аземи 30-октябрда саат 17:00дө өтөт.

Фестивалдын алкагында көрсөтүлүүчү спектаклдерге кирүү акысыз.

Фестиваль улуттук театр искусствосунун тарыхый мурасын даңазалоого, чыгармачыл жамааттардын өз ара кызматташтыгын чыңдоого жана көрүүчүлөрдүн театр маданиятына болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар