Башкы беткеМаданиятКыргызстандын тарыхына байланыштуу сейрек китептер мамлекеттик фондго өткөрүлдү

Кыргызстандын тарыхына байланыштуу сейрек китептер мамлекеттик фондго өткөрүлдү

Кыргызстандын XVIII–XX кылымдардагы тарыхына байланыштуу 17 аталыштагы сейрек китеп Мамлекеттик китеп палатасынын фондуна өткөрүлдү. Басылмаларды ишкер Алексей Губарев белекке берди.

1795–1943-жылдары жарык көргөн китептер Кыргызстан менен Борбордук Азиянын тарыхын, географиясын, этнографиясын жана маданий мурасын изилдөөдө маанилүү булак болуп саналат.

Алардын арасында Түркстанга, Кокон хандыгына жана Кыргызстандын тарыхына арналган эмгектер бар. Өзгөчө баалуу басылмалардын катарында В. Наливкиндин 1886-жылы жарык көргөн «Краткая история Кокандского ханства» китеби, ошондой эле В. П. Семёнов-Тян-Шанскийдин редакциясы астында чыккан «Полное географическое описание нашего Отечества» жыйнагынын 1903-жылдагы «Киргизский край» жана 1913-жылдагы «Туркестанский край» томдору бар.

Мындан тышкары, археолог А. Н. Бернштамдын 1941 жана 1943-жылдары жарык көргөн сейрек илимий эмгектери да тапшырылды.

Мамлекеттик китеп палатасынын директору Жылдыз Бакашованын айтымында, белекке берилген айрым китептер буга чейин республиканын китеп фонддорунда болгон эмес. Эми аларды Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын изилдеген окумуштуулар, студенттер жана басма тармагынын өкүлдөрү пайдалана алышат.

Алексей Губарев Кыргызстан тууралуу жазылган тарыхый китептер өз мекенинде сакталып, изилдөөчүлөр үчүн жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.

Белекке берилген басылмалар мамлекеттик эсепке алынып, Мамлекеттик китеп палатасынын фондуна сактоого коюлат. Бул демилге өлкөнүн тарыхый-маданий мурасын сактоого жана улуттук китеп фондун байытууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар