Кыргызстанда 2021-жылы 4,024 млрд долларды түзгөн өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2025-жылы 9,014 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков 15-октябрда Бишкекте өткөн эл аралык көргөзмөлөрдүн ачылышында билдирди.
Анын айтымында, 2024–2025-жылдары өлкөдө жалпы инвестициялык көлөмү 1,5 млрд доллардан ашкан 221 өнөр жай объектиси ишке киргизилген. Ал эми 2026-жылы дагы 113 долбоорду ишке ашыруу пландалган. Бүгүнкү күнгө карата алардын 66сы ишке кирди.
Эрлист Акунбеков өнөр жайды өнүктүрүү жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, жумуш орундарын көбөйтүү жана заманбап технологияларды киргизүү менен коштолуп жатканын белгиледи. Ошондой эле өлкөдө ички керектөөнү камсыздап, чет өлкөлөрдүн рыногуна чыгууга багытталган өндүрүштү өнүктүрүүгө басым жасалып жатканын айтты.
Министрдин орун басары инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатуу жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча реформалар улантылып жатканын кошумчалады.
Бул тууралуу ал «Жаштык арена» спорт комплексинде өтүп жаткан «EXPO Евразия Кыргызстан 2026» экинчи эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө жана «Кыргызстан EXPO 2026» эл аралык көп тармактуу көргөзмөсүнө катышканда билдирди.
Көргөзмөлөргө Кыргызстан, Россия, Кытай, Түркия, Өзбекстан жана Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн 100гө жакын өндүрүштүк компания катышууда. Ата мекендик ишканалар курулуш, өндүрүш, энергетика, транспорт жана логистика, каржы, айыл чарба жана тейлөө тармактарындагы продукцияларын сунушташты.
15–17-октябрь күндөрү өтө турган иш-чаралардын алкагында Бишкек бизнес-форуму, тармактык тегерек столдор, эки тараптуу B2B жолугушуулар жана инвестициялык долбоорлордун бет ачарлары уюштурулат.
Көргөзмөлөр эл аралык өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө, кыргызстандык ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана ишкерлердин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө багытталган.
![]()


