Бишкектеги Байтик Баатыр жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым жайынын аймагына таштанды мыйзамсыз төгүлгөнү аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жер тилкесинин ээсине карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлүп, 23 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, жер тилкесинин ээсине аймакты таштандыдан тазалоо милдеттендирилди.



