Башкы беткеМаданиятДайырбек Стантегиндин ырларындагы карама-каршылыктар жана көркөм табылгалар

Дайырбек Стантегиндин ырларындагы карама-каршылыктар жана көркөм табылгалар

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеңири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында акын Дайырбек Стантегиндин ырларындагы адам жана адамдын тагдыры, сүйүү, өмүр жана өлүм, адилеттик жана коомдогу теңсиздик тууралуу сөз кылсакпы деп турабыз.

Акын Дайырбек Стантегин поэзияга өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында келип, өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин жемиштүү иштеп, улуттук поэзияны өзүнө гана таандык стиль, боегу бар ырлар менен байытып кетти. Ал изденип жазган, ар бир ырына, атүгүл, ыр сабындагы үтүр, чекитине чейин абай мамиле жасаган акын эле. Анын изденгичтиги, тапкычтыгы, башкаларга окшошпогон акын болгусу келбегени анын ар бир сап ырынан жылтылдап көрүнүп, ырларындагы табылгалар таңкы шүүдүрүмдөй жылт этип төгүлүп турчу. Сөздөрдү кармалап, камыр сыяктуу жууруп ийгиси келгени, акындын поэзиясындагы сөз оюну, тыбыштык кайталоо, күтүүсүз салыштыруу, турмуштун карама-каршылыгын ачкан парадокс жана философиялык күмөн саноо анын калемине мүнөздүү өзгөчөлүктөрдөн эле. Бирок бул өзгөчөлүктөр көп ырларында дыйкандын колундай одуракай-бодуракай, жадагалса кулакка да орой угулгандай таасир калтырат, көзгө да комсоо көрүнөт. Айрым саптарда сөздүн сырткы үндөшүүсү ойду тереңдетсе, айрым жерлерде маанини көмүскөлөп, окурманды образдан алыстатып да жиберет. Арийне, анын ырлары мына ушунусу күчтүү да, өзгөчө, кызык.

Адатта бардык эле акындар сөздөр менен ойноп ийгиси, ойду салмактап көргүсү келет. Бирок бул баарынын эле келбейт. Андайлардан кескин айырмаланып, акын Дайырбек Стантегиндин поэтикалык дүйнөсү – ырлары, ал эмнени айткысы жана кантип айткысы келгени менен баалуу?

Дайырбек Стантегиндин жалпы чыгармачылыгына мүнөздүү өзгөчөлүк — ал турмушту даяр түшүнүктөрдүн негизинде эмес, суроо, күмөн, карама-каршылык аркылуу аңдайт. Акын жашоонун маанисин, адамдын тагдырын, сүйүүнү, өлүмдү, адилеттикти жана коомдогу теңсиздикти бир жактуу чечмелебейт. Ал көп учурда окурманга даяр жооп бербестен, анын ишенимин солкулдаткан суроолорду коёт.

*     *     *

Чындыктын өзүндө да чындык барбы?
Тоолордун нар жагында Тоолор болгон.
Досумдун менден калбас көңүлүндөй
Мен чаба элек буудандай ойдологон.

Чындыктын өзүндө да чындык барбы?
Сүйүүнүн нар жагында Сүйүү болгон.
Бир кыздын менден калган көңүлүндөй,
Күлкүдөй шатыр-шатман үйүм толгон.

Чындыктын өзүндө да чындык барбы?
Чындыктын нар жагында Чындык болгон.
Кызылдын нар жагында кызыл өнгөн,
Падышадай камчысын унутуп кайткан жолдон.

Чындыктын өзүндө да чындык барбы?
Мүрзөнүн нар жагында Мүрзө болгон!

Бир караганда, бул ыр сөздөрдүн оюну катары сезилет, бирок бул сөздөрдүн оюну эмес, ойлордун оюну. Окурманга “Чындыктын өзүндө да чындык барбы?” деп чындыктын бар экенинен күмөн санаган суроо таштайт да, аны андан ары ойго жетелеп, тоолордун нары жагында тоолор, сүйүүнүн нары жагында сүйүү бар экенинен кабар берип, демек кандай гана чындык болбосун, ал акыркы чындык эместигин, сүйүү да, мүрзө да акыркы боло албастыгына ынандырат.

Тоонун ар жагында дагы бир тоонун көрүнүшү – адам таанып-билген чындык акыркы чек эместигин билдирген метафоралык ой. Ар кандай чындык акыркы чындык эмес. Анын сыңары, “Сүйүүнүн нар жагында Сүйүү болгон”, же “Мүрзөнүн нар жагында Мүрзө болгон!” ыр саптары, бул жөн гана кайталоо, уйкаштык түзүүчү каражат эмес. Ал ойго тереңдик берет, ойлонтот.

Тоонун, сүйүүнүн, чындыктын жана мүрзөнүн «нар жагында» дагы бир нерсенин болушу — дүйнөнүн адам ойлогондон алда канча татаал экенин туюнткан поэтикалык модель. Ошол эле учурда ырдын акыркы сабындагы мүрзөнүн дагы бир мүрзөгө уланышы өзгөчө күчтүү, бирок караңгы элес жаратат. Бул образды жашоонун артында да өлүм, өлүмдүн артында да адам түшүнө албаган сыр бар деген мааниде чечмелөөгө болот. Бирок ыр ошол сырды ачпайт. Анын максаты — суроону күчөтүү. Ойду андан ары татаалдантуу.

Акындын табылгасы — логикалык жактан ырааттуу, айтайын деген оюн тереңдеткен, масштабын кеңейткен суроо бере билгенинде. Ал эми негизги көркөм тобокелдиги — суроонун тереңдиги ар дайым эле анын поэтикалык чечилишине алып келбегенинде. Айрым ырларда ой образга айланат; айрымдарында болсо абстракттуу түшүнүктөр менен сөз оюндары басымдуулук кылып, окурман маанини өз алдынча кураштырууга аргасыз болот.

Акындын философиялык лирикасынын өзөгүндө адамдын дүйнөнү толук таанып-биле албастыгы, ишенимдин солкулдашы жана адамдын чектелүү мүмкүнчүлүгү тууралуу ойлор жатат. Бул тема «Бейкапар дүйнө», «Куурчак уул», «Эсим чыгат», «Жан экенмин жүз баштуу» жана «Түштө көргөн түш» ырларында ар башка көркөм формада берилет.

Бейкапар дүйнө

Эңсегеним демге күйүп жандыбы,
Жетпегеним желге айланып калдыбы?
Түкшүмөлдүү түйүн экен чечилбес,
Түшүнөм деп жүргөнүмдүн бардыгы!

Акыйкаттын акыйкатка зардыгы,
Аалам жердин Аалам жерге тардыгы…
Билик экен чырак майы түгөнгөн,
Билемин деп жүргөнүмдүн бардыгы.

Ээлеп алып ар ким дар-дүң коктуну,
Эге талып, пенде жагып оттуу улуу.
Эсил дүйнө жашап жатат бейгапар,
Эч билинбей Сократтын жоктугу.

Адам баласынын каалоосу канчалык чоң, кучак жеткис нерсени кучактай алышы, адам акылы тааный алгыс нерсени таанышы мүмкүн эмес. Адамдын чектелүүлүгү — акындын дүйнө таанымын ачкан маанилүү саптардын бири. Адамдын таанып-билүүгө болгон умтулуусу менен анын мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүлүгү кагылышат. Лирикалык каарман мурда акыл-эс көйүндө түшүнүлүп жүргөн нерселеринен кайрадан күмөн санайт. Мында билимдин өзү эмес, билем деп ишенүүнүн чеги маселеге айланат.

“Билик экен чырак майы түгөнгөн, / Билемин деп жүргөнүмдүн бардыгы” – лирикалык каарман издеген чындыктын учугу ушул жакта. Чырак — акылдын, аң-сезимдин, таанып-билүүнүн символу. Анын майынын түгөнүшү адамдын ички жарыгынын өчүшүн же мурдагы түшүнүктөрүнүн жетишсиздигин билдирет. Бул — поэтикалык жактан табылгалуу салыштыруу. Абстракттуу ой буюмдук образ аркылуу берилгендиктен, окурман аны көз алдына элестете алат. Ырдын кийинки саптарында ой улам чиеленишип, образдык байланыштар бүдөмүктөнө баштайт.

Татаал поэзия окурмандан да интеллектуалдык аракетти талап кылат. Бирок татаалдык менен бүдөмүктүктү айырмалоо зарыл: татаал образды кайра окуганда жаңы маани ачылат, ал эми бүдөмүк туюнтма кээде канча окусаң да өзүнүн так маанилик өзөгүн көрсөтпөй калышы мүмкүн.

ТҮШТӨ КӨРГӨН ТҮШ

Түшүмдө да түш көрүп жаткан экем:
Түн түрүлүп, таң жаңы аткан экен.
Чыга калсам эшикке Кудай турат,
Кудай туруп келиптир Кудай сурап.

Аялымды чакырсам аң-таң болуп,
Ошол замат кубулду шайтан болуп.
Эсте калды жүргөндөй жаттап эчен,
Түшүмдө да түш көрүп жаткан экем.

Бул ырда реалдуу дүйнөнүн мыйзамдары бузулуп, түшкө мүнөздүү күтүүсүз өзгөрүүлөр үстөмдүк кылат. Кудайдын өзү Кудайды издеп келиши — логикалык жактан мүмкүн эмес көрүнүш, бирок дал ошол мүмкүн эместик ырдын парадоксалдык өзөгүн түзөт.

Мындай образды бир нече багытта чечмелөөгө болот. Ал адамдын Кудай жөнүндөгү түшүнүгүнүн туруксуздугун, ишеним менен күмөндүн аралашып кетишин же адамдын аң-сезиминде ыйыктык менен коркунучтун күтүүсүз алмашуусун билдиришет.

Ырдын кызыктуу жагы — түш аркылуу ишенимдин туруктуу системасын бузганында. Ал эми алсыз жери — образдын күтүүсүздүгү менен анын ички маанисинин ортосундагы байланыш жетиштүү өнүктүрүлбөй калганында. Кудайдын шайтанга айланышы таасирдүү сюрреалисттик көрүнүш болгону менен, бул өзгөрүүнүн лирикалык каармандын аң-сезимине же ырдын жалпы идеясына тийгизген таасири кыска берилет.

Бул ыр жүз кайталап чечмелөөгө, психологиялык жактан, философиялык жактан, диний өңүттөн түшүндүрмөгө муктаж. Образдын парадоксалдык күчү менен философиялык тереңдиктин ортосундагы байланыштагы күмөн саноо жана ишенимдин арсарлыгы ырдагы эмоцияны арттырып турат.

 

Куурчак уул

Жаралбадым, жаратчулар жаратты.
Кошо берип “куйрук менен канатты”.
Ошон үчүн аңырайып караймын,
Түндүк, Түштүк, Батыш, Чыгыш тарапты.

Баары жаңы, баары кызык, көрбөгөм.
Балкыйм, калкыйм башкача бир дем менен.
Жасап жатып, жакпай калып ыргыткан,
Жараткандын куурчак уулу өңдөнөм.

Бул ырда лирикалык каарман өзүн өз алдынча жаратуучу күч катары эмес, кимдир бирөөнүн колунан чыккан, өз тагдыры өзүнө баш ийбеген жан катары сезет. «Куурчактын» образы адамдын эркиндиги тууралуу суроону жаратат: адам өз жашоосун өзү аныктайбы же андан тышкары турган күчтөрдүн таасиринде жашайбы?

Ырдын кызыктуу жери — бул ойдун нааразычылык менен гана чектелбегендигинде. Каарман төрт тарапты карап, дүйнөнүн жаңылыгына таң калат. Демек, анын абалында алсыздык менен кызыгуу, көз карандылык менен дүйнөнү өздөштүрүүгө умтулуу катар жашайт.

Ошентсе да, «Жараткандын куурчак уулу» деген образдын философиялык таасири окурмандын ишенимине жараша өзгөрөт. Диний түшүнүктө ал жаратуучу менен адамдын байланышын билдирсе, светтик чечмелөөдө тагдырдын алдында алсыз калган адамдын абалын көрсөтөт. Ырдын бул көп маанилүүлүгү анын мүмкүнчүлүгүн кеңейтет, бирок образдын түпкү маанисин атайын тактабагандыктан, лирикалык каармандын позициясы да толук аныкталбай калат.

Эсим чыгат

Өмүр жашты өлчөп-бутап ченебей,
Өктөөсү жок, кырсык болбой кенедей,
Эгер адам өлбөс болуп калганда,
Эсим чыгат эмне болмок элек, эй!

Акын өлбөстүктү адам үчүн абсолюттук бакыт катары кабыл алууга шек келтирет. Бул — парадокс аркылуу түзүлгөн философиялык ой. Адам өмүрүнүн чектелүүлүгү көп учурда кайгынын булагы болгону менен, жашоонун баалуулугун да аныктайт. Эгер өмүрдүн аягы болбосо, адамдын убакытка, аракетке жана тагдырга болгон мамилеси кандай болмок, кандай өзгөрмөк? Акын ушул суроону тамашага жакын, оозеки интонация менен берет.

Бул ырда философиялык ой – оор, салтанаттуу тил менен эмес, күнүмдүк сүйлөшүүгө жакын формада айтылганы менен ийгиликтүү чыккан. Бирок суроонун поэтикалык өнүгүүсү кыска болгондуктан, идеянын мүмкүнчүлүгү толук ачылбайт. Ыр – ойдун бир бүткөн бүтүндүгү эмес, ойго бир келе калган бир философиялык байкоону таамай кармаган чакан лирикалык эскиз сыяктуу.

 

ЖАН ЭКЕНМИН ЖҮЗ БАШТУУ

Дүйнө ордунда түгөл бойдон бүт жакшы,
Дүмүр оңдойм максатым көп ишке ашчу.
Отко күйбөс, сууга чөкпөс насили,
Ойлоп көрсөм жан экенмин жүз баштуу.

Жалгаганча ай тогошуп күн башын,
Аңдаганча кими досун, ким касын.
Топ-топ этип ар бир аткан таңымда,
Тоголонуп ыргып түштү бир башым.

Өмүрүмдө өктөөсү көп чекилик,
Көпкөнүм чын, дал ошончо эсирип,
Кайда, качан? – жанымда жок бирөө да,
Калгандыгы канча башым кесилип.

Өмүр өктөм өттү, кыш, жай, жазды алды,
Өйдөсү ылдый, ылдыйы өйдө баштанды.
Азыр жалгыз моюнумда илинип,
Арсалаңдап агала чач баш калды.

Бул ырдан мифологиялык образды жана адамдын ички бөлүнүшүн көрөбүз. Бул ырда акын адамдын турмуштук тажрыйбасын жүз баштуу жан жөнүндөгү шарттуу образга бириктирет. Лирикалык каарман өзүнүн жашоосун артка кылчайып караганда, баштарынын улам түшүп турушун өмүрдөгү жоготууларга, жаңылыштыктарга жана өкүнүчтөргө салыштырат.

Каарман күнөөнү толугу менен тагдырга же коомго оодарып салбайт; өзүнүн ашыкча ишенимин, көпкөн учурларын да моюнга алат. Мындай мамиле ырдын психологиялык мазмунун күчөтөт. Жүз баштуу жан образы улам жоголгон мүмкүнчүлүктөрдүн, үзүлгөн байланыштардын, мурдагы «мендердин» символу сыяктуу. Адам өмүр бою өзгөрөт, өзүнүн айрым сапаттарын жоготот, кээ бир ишенимдеринен баш тартат. Өткөндөгү адам менен бүгүнкү адамдын ортосундагы айырма ушул шарттуу образ аркылуу көрсөтүлөт.

Бул ырда жүз баштуулук башында кызыктуу метафора катары иштейт. Лирикалык каармандын акыркы образы — «арсалаңдап агала чач баш» — карылыктын жана өмүрдүн соңуна жакындаган адамдын элесин бириктирет. Мурдагы жүз баштан бир баштын гана калышы убакыттын адамды өзгөрткөнүн билдирген кайгылуу жыйынтык.

Бул ырдын артыкчылыгы — өзүн-өзү баалоону түз насаатка айлантпастан, мифологиялык шарттуу образга сиңиргенинде.

 

УЯТ

Бар болсо сураганга бербесе уят,
Ар болсо асылганга өлбөсө уят.
Азык шол: арам дейби, адал дейби,
Ач туруп бок жегендин эмнеси уят?!

Көз туруп айрып жолун көрбөсө уят,
Сөз туруп кайрып жообун бербесе уят.
Дайын го дыр жылаңач турганың,
Дамбалдын жыртыгынын эмнеси уят?!

Аялга уят ычкыр бек болбосо,
Ал да уят айткан сөзүң эп болбосо.
Өрттөнүп күл болгонуң кимге таңсык,
Өзүндө жараткандын бет болбосо.

Бул ырда уяттын сырткы көрүнүштөрү менен адамдын чыныгы адеп-ахлагынын ортосундагы карама-каршылык көтөрүлөт. Ачкачылык, жакырчылык жана адамдын аргасыз абалы тууралуу суроолор коомдук нормалардын кээде канчалык формалдуу болуп каларын көрсөтөт.

Ошентсе да, ырдын ар бир бөлүгүндөгү орой салыштыруулар бирдей тереңдикке ээ эмес. Айрым саптар коомдук адилетсиздикти ачса, айрымдары окурманды чочутуу аркылуу таасир калтырууга көбүрөөк таянат.

Стантегиндин ырларында эл арасында көп колдонулган сөздөр, сүйлөө тилине мүнөздүү сүйлөмдөр, макалга окшош туюнтмалар кездешет. Кээде адабий тилде колдонула бербеген сөздөрдү да учуратууга болот. Мунун баары анын ырларына жандуу сүйлөшүү мүнөзүн берип, оюн түз айтууга жана айрым учурларда курч юмор менен иронияны колдонууга мүмкүндүк берет. Айталы, «Бай сүйлөсө калат неге жарашып?» деген суроо элдик кепке жакын болгону менен, коомдук теңсиздикти так ачат. Ал эми «Өз аялды сүйүүң керек ойноштой» деген сап кадимки этикалык пикирди күтүүсүз формага салып, эстеп калууга ыңгайлуу туюнтма жаратат.

Ошол эле учурда «Көр дүйнө», «Уят», «Астында жана үстүндө» ырларындагы поэзия тилине жатыраак сөздөрдү бирдей баалоого болбойт. Алар адамдык мамилелердеги эки жүздүүлүктү ачып, сатиралык эффект жаратат.

Стантегиндин артыкчылыктарынын бири — сөздүн музыкалуулугу менен образ жаратууда сөз менен сөздүн маанисинин ортосундагы тең салмакты сактоо. Көп учурда акындын ырларында экөө бир бүтүндүккө айланат. Анын поэзиясы жеке адамдын ички дүйнөсүнө гана багытталбайт. Ал коомдогу теңсиздикти, байлык менен бийликтин адамга берген жасалма артыкчылыгын, адеп-ахлактык эки жүздүүлүктү да сынга алат. Бир сөз менен айтканда, Стантегиндин тилинин башкы артыкчылыгы — сөздүн үнүн жана күтүүсүз маанилик байланыштарын сезе билүүсүндө.

Дайырбек Стантегиндин поэзиясындагы негизги карама-каршылыктар эмнеде? Биринчиси — философиялык тереңдик менен маанилик бүдөмүктүктүн карама-каршылыгы. Акын дүйнө, өмүр, өлүм, чындык тууралуу олуттуу суроолорду коёт. «Чындыктын өзүндө да чындык барбы?» жана «Бейкапар дүйнө» сыяктуу ырларда бул суроолор образдык деңгээлге көтөрүлөт. Бирок айрым туюнтмаларда ойдун татаалдыгы анын көркөм тактыгына тоскоол болот.

Экинчиси — социалдык сындын курчтугу менен эстетикалык ченемдин карама-каршылыгы. Акын коомдогу адилетсиздикти, эки жүздүүлүктү жана моралдык бузулууну ашкерелөөдө одоно лексикага кайрылуудан тартынбайт. Мындай сөздөр анын поэзиясына эмоциялык күч берип, окурманды көнүмүш түшүнүктөргө сын көз менен кароого түртөт. Төртүнчүсү — жеке сезим менен жалпы адамзаттык ойдун карама-каршылыгы. «Кош, Нуртегим» ырында жеке кайгы жалпы адамдык трагедиянын деңгээлине көтөрүлөт. «Байпак саткан кызда» болсо конкреттүү адамдын тагдыры коомдук жоопкерчилик маселесин жаратат. Бул чыгармаларда абстракттуу түшүнүктөр эмес, адамдын турмуштук абалы негизги көркөм күчкө айланат.

Д. Стантегиндин поэзиясынын күчтүү жактарынын бири — философиялык суроо коюу жөндөмү. Акын даяр жоопторго канааттанбай, чындык, өмүр, өлүм жана ишеним сыяктуу түбөлүктүү түшүнүктөрдү кайрадан аңдап, аларга өз алдынча мамиле жасоого умтулат. Экинчиси — сөздөрдү кармалап, аз-маз “ойной” билгени жана тыбыштык сезимталдыгы. Ал аллитерацияны, кайталоону жана сөздөрдүн маанилик, тыбыштык мүмкүнчүлүктөрүнө негизделген көркөм ыкмаларды жигердүү колдонот. Мунун натыйжасында ырларында өзгөчө ыргак, угумдуулук жана сөздүн күтүлбөгөн маанилик өңүттөрү жаралат.

Үчүнчүсү — турмуштук көрүнүштөрдү байкай билүүсү жана байкагандарын ачык айтууга умтулуусу. Акын байлык менен жакырчылык, адилетсиздик, коомдогу теңсиздик жана адамдын социалдык абалы тууралуу курч пикирлерин билдирип, окурманды көнүмүш түшүнүктөргө сын көз менен кароого чакырат.

Дагы бир өзгөчөлүгү — жеке сезимдерди жалпы адамзаттык мааниге көтөрүүгө умтулуусу. Айрым ырларында жеке кайгы, сүйүү же ички толгонуу жеке тагдырдын чегинен чыгып, адам баласына орток сезимдердин жана турмуштук тажрыйбанын көркөм чагылдырылышына айланат.

Акындын дагы бир маанилүү көркөм өзгөчөлүгү — ирониясы. Ал ирония аркылуу коомдогу карама-каршылыктарды, адамдын өзүнө жана башкаларга болгон мамилесиндеги эки жүздүүлүктү ачып көрсөтөт. Мында ирония жөн гана шылдыңдоо каражаты эмес, чындыкты башка өңүттөн аңдоого, көрүнүштөрдүн сыртында катылган маңызын ачууга кызмат кылган көркөм ыкма катары көрүнөт.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар