Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2026–2027-жылдарга карата мамлекеттик социалдык буйрутмасынын алкагында «Манас» эпосундагы улуттук баалуулуктардын жаңы муундун атуулдук аң-сезимин калыптандыруудагы ролуна кайрылабыз.
Кыргыз элинин кылымдарды карыткан бай тарыхында, руханий дүйнөсүндө жана улуттук аң-сезиминде «Манас» эпосунун ээлеген орду өзгөчө бийик. Ал бүтүндөй элдин эркиндикке болгон соолубас умтулуусун, ата журтка болгон сүйүүсүн, ар-намысын жана адамдык эң асыл сапаттарын даңазалаган улуттук казына. Манастын айкөл образы аркылуу кыргыз эли кылымдар бою кандай адилеттүү коомду курууну самаганын, кандай бийик нарк-насилди туу тутканын жана келечек муунга кандай өчпөс осуят калтырганын айкын көрүүгө болот. Бүгүнкү санариптик доордо, жаштардын дүйнө таанымы тез өзгөрүп, маалымат агымы күн санап күчөп жаткан шартта, Манас баатырдын образына таазим менен кайрылуу, бул улуттук руханий башатыбыз болгон уңгужолубузга кайтуунун жана аны коомго жайылтуунун айкын далили.
Азыркы жаштардын алдында болуп көрбөгөндөй кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылууда, бирок ошол эле учурда алардын мойнуна олуттуу жоопкерчиликтер да жүктөлүүдө. Заманбап билим алуу, кесип тандоо, алдыңкы технологияларды өздөштүрүү, дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы илим менен байланыш түзүү мурдагы муундарга салыштырмалуу кыйла жеңилдеди. Бирок мүмкүнчүлүктөрдүн көбөйүшү же заманбап гаджеттерди колдонуу адамдын ким экенин, анын моралдык баалуулуктарын жана коом алдындагы атуулдук милдетин канчалык деңгээлде түшүнөрүн өзүнөн өзү аныктап бере албайт. Адам канчалык заманбап билимге ээ болуп, дүйнө таанымын кеңейтсе да, өз элинин тарыхын, эне тилин, улуттук маданиятын жана мекен алдындагы жоопкерчилигин эч качан унутпашы керек. Ушул өңүттөн алганда, Манас баатырдын образы бүгүнкү өсүп келе жаткан муун үчүн моралдык багыт жана бекем руханий таяныч болуп бере алат.
Манас азаттыкты туу туткан, элин тышкы жоодон коргогон, журттун эркиндигин жана биримдигин көздөгөн улуу баатыр. Анын инсандык улуулугу жеке күч-кубатында же кандуу жеңиштеринде гана эмес, бүтүндөй элдин тагдырын өз тагдырындай көрүп, журт кайгысын өз кайгысы катары кабыл алганында жатат. Ал үчүн мекен ата-бабадан калган ыйык мурас, элдин намысы, келечек муундун тагдыры менен ажырагыс байланышкан ыйык түшүнүк. Манастын мекенчилдик философиясын бүгүнкү турмушубузга айкалыштырсак, мекенди сүйүү курчап турган куру сөз же ураандар менен чектелбеши керек деген маанилүү жыйынтыкка келебиз. Чыныгы мекенчилдик өз ишин ак ниеттен так аткаруу, терең билим алуу, мыйзамды жана тартипти урматтоо, коомдук мүлккө аяр мамиле кылуу, жаратылышка кам көрүү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өз салымын кошуу. Мекенге кызмат кылуу үчүн сөзсүз эле колуңа курал алып, чек арада туруу талап кылынбайт. Мугалимдин окуучуга сапаттуу билим берүүсү, дарыгердин адам өмүрүн сактап калуусу, дыйкандын жер иштетип элди азык менен камсыздашы, илимпоздун өлкө өнүгүшүнө керектүү жаңы ачылыш жасашы, жаш адистин өз кесибине берилиши, булардын бардыгы мекенге адал кызмат кылуунун заманбап жана эң жогорку көрүнүштөрү.
Манастын мекенчилдиги анын элин сырттан келген коркунучтардан коргоого умтулуусу менен гана чектелбейт. Эпостун негизги өзөгүн түзөт турган башкы идея, чачыраган журттун башын бириктирүү, куралган элди ынтымакка чакыруу. Бул улуу идея бүгүнкү эгемендүү Кыргызстан үчүн да өзгөчө актуалдуу. Азыркы коомдо ар кандай пикир келишпестиктер, муундар ортосундагы түшүнбөстүктөр, аймактык же социалдык айырмачылыктар кездешиши мүмкүн. Бирок өлкөнүн келечеги жалпы улуттук максаттын айланасында биригүүгө, бири-бирин угууга жана бири-биринин пикирин урматтоого түздөн-түз байланыштуу. Элдин биримдиги деген бардык адамдар бирдей ой жүгүртүшү керек дегенди билдирбейт. Тескерисинче, ар кандай көз караштагы, ар түрдүү кесиптеги адамдардын орток улуттук кызыкчылыкты түшүнүп, пайда болгон талаш-тартыштарды кастыкка айландырбай, акыл менен чечиши, жетилген жана маданияттуу коомдун эң башкы белгиси. Манастын элди бириктирген айкөл образы бүгүнкү жаштарга жеке кызыкчылыктардан жогору турган жалпы элдик жоопкерчилик бар экенин ар дайым эске салып турат.
Манас баатырдын руханий мурасы өзгөчө «Манастын жети осуяты» аркылуу калың журтка кеңири таанылып келет. Бул жети осуят кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, коомдук ынтымакты жана келечекке болгон идеологиялык көз карашын чагылдырган эң маанилүү багыт. Алардын терең мазмунун бүгүнкү күнүмдүк жашообузга айкалыштырганда, бул осуяттар жөн гана курулай жаттап ала турган сөздөр эмес, ар бир жарандын иш-аракетинде, жүрүм-турумунда жана атуулдук позициясында чагылдырылышы керек болгон турмуштук принциптер экенин түшүнөбүз.
Биринчи осуят – «Эл журттун ажырагыс биримдиги жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги». Бул осуяттын башкы маңызы элдин жеңилгис күчү жана келечеги бир гана ынтымакта экенин түшүнүүдө жатат. Кыргыз эли кылымдар бою канчалаган оор сыноолорду, тарыхый чакырыктарды башынан өткөргөн. Мындай татаал шарттарда элдин биримдиги, бири-бирине болгон колдоосу жана жалпы кызыкчылыкты коргоосу элди жок болуп кетүүдөн сактап калган. Бүгүнкү жаштар үчүн бул осуят бирөөнү улутуна, тилине, жашаган аймагына, уруусуна же социалдык абалына карап бөлбөөгө чакырат. Мектепте, университетте, жумуш ордунда же коомдук чөйрөдө өз ара урмат-сыйды сактоо, бирөөнү кемсинтүүгө жана бөлүнүүгө каршы туруу биримдиктин көрүнүшү. Айрыкча социалдык тармактарда пикир келишпестик пайда болгондо, бири-бирин мазактоонун ордуна жүйөлүү сүйлөшүү жүргүзүү да ушул баалуулуктун заманбап туюнтулушу экендиги чындык.
Экинчи осуят – «Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык». Кыргызстан – көп улуттуу мамлекет. Бул жерде ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү бир туугандай жашап, эмгектенип, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келишет. Бул осуят жаштарды башка элдердин тилин, маданиятын жана каада-салтын урматтоого чакырат.ªз улутун сүйүү башка улутту жек көрүү же кемсинтүү дегенди билдирбейт. Чыныгы мекенчил адам өз элинин баркын билүү менен бирге, башка адамдардын да кадыр-баркын баалайт. Бүгүнкү ааламдашкан дүйнөдө билим, маданият, экономика жана илим-техника дал ушул эл аралык достук жана кызматташтык аркылуу өнүгүүдө. Ошондуктан жаштардын толеранттуу, ачык ой жүгүртүүсү, башка маданияттарды түшүнүүсү жана ошол эле учурда өзүнүн кайталангыс улуттук өзгөчөлүгүн сактап калуусу өтө маанилүү.
Їчүнчү осуят – «Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет». Ар-намыс адамдын өзүн жана өз элин урматтоосун билдирсе, ал эми атуулдук ариет анын коом алдындагы адеп-ахлактык жоопкерчилигин билдирет. Манастын образы аркылуу намыс түшүнүгү жеке таарыныч, өч алуу же курулай күч көрсөтүү менен чектелбестигин көрөбүз. Чыныгы намыс адилетсиздикке жол бербөө, алсызга кол сунуу, берген убадага бекем туруу жана өз ишине толук жооп берүү. Азыркы санариптешкен доордо жаштар үчүн бул осуят өзгөчө маанилүү. Интернетте бирөөнүн артынан мазактоо, жалган маалымат таратуу, башкалардын кемчилигин шылдыңдоо же өз күчүн өзүнөн алсызга көрсөтүү адамдык ар-намыска эч сыйбайт. Намыстуу жаш өзүнүн үлгүлүү жүрүм-туруму, билими жана эмгеги менен өз үй-бүлөсүнө эле эмес, бүтүндөй элине аброй алып келүүгө умтулат.
Төртүнчү осуят – «Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу». Бул осуяттын заманбап коомдогу мааниси өзгөчө чоң. Бугүнкү коомдо өлкөнүн өнүгүшү жана келечеги сапаттуу билим алган, эмгекчил, демилгелүү жана өз ишин мыкты билген кесипкөй инсандарга көз каранды. Жаштар чындап ийгиликке жетүүнү кааласа, талыкпай эмгектенүүнү, убакытты туура пайдаланууну жана өзүн үзгүлтүксүз өнүктүрүүнү үйрөнүшү зарыл. Социалдык тармактарда заматта атакка же байлыкка жеткен адамдарды көрүп, ийгилик оңой келет деген жаңылыш түшүнүк пайда болушу мүмкүн. Бирок узак мөөнөттүү туруктуу жетишкендиктин артында ар дайым терең билим, темирдей тартип, талыкпас аракет жана сабырдуулук турат. Бул осуят жаштарды заманбап кесиптерди үйрөнүүгө, илимге кызыгууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана адал эмгекти баалоого чакырат.
Бешинчи осуят – «Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк». Манас баатырдын каарманын түшүнүүдө физикалык күч менен катар анын бийик адамгерчилик сапаттарын да эске алуу зарыл. Күчтүү болуу башкаларды коркутуу же басым жасоо эмес, зарыл учурда алсыздарга жардам берүү жана өз күчүн адилеттүүлүк үчүн пайдалануу. Айкөлдүк жеке өзүмчүлдүктөн жогору көтөрүлүү болсо, кечиримдүүлүк ар бир жаңылыштыкка жек көрүү же өч алуу менен жооп бербөө дегенди билдирбейт. Бүгүн өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы буллинг, мазактоо, топ болуп бирөөгө кысым көрсөтүү сыяктуу терс көрүнүштөр өкүнүчтүү түрдө орун алып жатканда, бул осуяттын тарбиялык мааниси терең. Бирөөнүн алсыздыгын шылдыңдоо баатырдык эмес. Тескерисинче, кысымга кабылган адамды коргоп калуу, жаңылышкан адамга туура жол көрсөтүү жана чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү чыныгы адамгерчиликтин белгиси.
Алтынчы осуят – «Табият менен таттуу мамиледе болуу». Кыргыз элинин дүйнө таанымында жана жашоо образында эне табият, жер-суу, тоо-таш өзгөчө ыйык орунда турган. Табият өмүрдүн, тиричиликтин булагы, ата-бабадан калган асыл мурас жана келечек муунга аман-эсен өткөрүлүп бериле турган баалуу казына. Бүгүнкү күндө экологиялык көйгөйлөр күчөп, таштанды, суунун булганышы, жайыттардын деградациясы жана жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу маселелери курчуп турган шартта бул осуяттын актуалдуулугу дагы да жогорулоодо. Экологиялык маданиятты калыптандыруу көчөгө таштанды таштабоо, таза сууну үнөмдөө, бак-дарактарды отургузуу жана айлана-чөйрөгө жоопкерчилик менен мамиле кылуу аркылуу көрүнөт.
Жетинчи осуят – «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо». Мамлекеттүүлүк бул өлкөнүн көз карандысыздыгы, элинин биримдиги, мыйзамдуулугу жана келечек муундардын тагдыры менен байланышкан эң ыйык түшүнүк. Бул осуят ар бир жаранды, өзгөчө жаштарды өз мамлекетинин тагдырына кайдыгер карабоого чакырат. Мамлекетти сүйүү көйгөйлөрдү туура түшүнүп, аларды мыйзамдуу жолдор менен чечүүгө аракет кылуу, коомдук иштерге жигердүү катышуу жана адилеттүүлүктү колдоо болуп саналат. Жаштар өлкөнүн келечегине өздөрүнүн терең билими, демилгеси, ак ниет эмгеги жана активдүү атуулдук позициясы аркылуу салым кошо алышат.
Жети осуяттын ар бири өзүнчө терең мааниге ээ болгону менен, алардын бардыгын бириктирген жалпы идея бар: адам баласы өзүнүн жеке башын гана ойлобой, өз үй-бүлөсү, эли, мамлекети жана курчап турган табият алдындагы жоопкерчилигин терең сезиши керек. Манас баатырдын образын бүгүнкү жаштарга үлгү кылуу деген аларды өткөн доордун жашоо шартына кайра кайтууга чакыруу эмес. Бул эпостогу түбөлүктүү асыл сапаттарды заманбап санариптик доордо туура колдонууга үйрөтүү. Азыркы доордун чыныгы баатыры билимсиздикти жеңген, жалганга алдырбаган, адилетсиздикке кайдыгер карабаган, адал эмгектен качпаган жана коомго пайда алып келген инсан болуу.
Бирок жаш муунга улуттук баалуулуктарды жетиштүү деңгээлде жеткирүү үчүн осуяттарды жөн гана жаттатып коюу жетишсиз. Аларды күнүмдүк жашоодо жеке үлгү катары көрсөтүү зарыл. Мектепте жана жогорку окуу жайларында мекенчилдик сабактары куру теория менен чектелбей, окуучуларды жоопкерчиликтүү, эмгекчил жана адилеттүү болууга тарбиялашы зарыл. Ал эми маданий жана санариптик чөйрөдө маалымат каражаттары, социалдык тармактар эпостун терең мазмунун азыркы жаштарга түшүнүктүү, кызыктуу форматта жеткириши керек. «Манастын» каармандары тууралуу тартылган сапаттуу фильмдер, даректүү тасмалар, подкасттар, талкуулар жана чыгармачылык долбоорлор улуттук мурасты жаңы муундун дүйнөсүнө жакындатат. Эң башкысы, жаштар Манасты алыстагы уламыштын же жомоктун каарманы катары гана эмес, бүгүнкү реалдуу жашоодо да багыт бере турган заманбап идеялардын автору катары таанышы керек.
Манас баатырдын образын азыркы коомдун көйгөйлөрү менен байланыштырып кароо маанилүү. Анткени мекенчилдик бул куру ураан эмес, конкреттүү аракет жана жоопкерчилик. Ал эми биримдик айырмачылыктарга карабай орток максатты көздөө жана намыс өзүнүн жана өзгөнүн адамдык кадыр-баркын сактоо. Бүгүнкү күндөгү баатырдык өзүнүн терс сапаттарын жеңүү, кыйынчылыктан качпоо жана башкалар үчүн жоопкерчилик ала билүү. Бул түшүнүктөр жаштардын аң-сезиминде терең орун алганда гана Манастын баа жеткис мурасы коомубузда түбөлүк жашайт.
Кыйын кезеңдерде элге дем берип келген Манас баатыр кыргыз элинин тарыхый эс тутумунун, эркиндикке болгон соолубас умтулуусунун жана бийик улуттук рухунун символу. Анын образы жаш муунду мекенди сүйүүгө, элдин биримдигин сактоого, эмгекти баалоого жана мамлекет алдындагы жоопкерчиликти сезүүгө үйрөтөт. Ал эми «Манастын жети осуяты» ушул баалуулуктарды күнүмдүк турмушубузда колдонууга жол көрсөткөн туура багыт. Бүгүнкү жаштардын милдети Манастын атын сыймыктануу менен айтып, анын мурасындагы асыл сапаттарды өзүнүн жүрүм-туруму, билими жана эмгеги аркылуу далилдөөдө. Анткени элдин келечеги анын жаш муунуна кандай баалуулуктарды өткөрүп бергенине түздөн-түз көз каранды. Эгерде жаш муун билимди эң башкы күч, адилеттүүлүктү өмүрлүк принцип, эмгекти ыйык милдет, ал эми мекенди ыйык аманат деп түшүнсө, анда Манастын руханий мурасы кийинки муундарга да түбөлүк кызмат кыла берет. Манас баатырдын бүгүнкү жаштарга калтырган эң чоң сабагы элдин жана мамлекеттин келечеги ар бир жарандын атуулдук жоопкерчилигинен башталат деген улуу ой.



