Башкы беткеМинистрлер кабинетиЗардалыга баруучу 6,4 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Зардалыга баруучу 6,4 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Баткен облусундагы Зардалы айылына Кан-Тунук-Суу айылы аркылуу баруучу жолдун 6,4 чакырым тилкесине асфальт төшөө иштери толук аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тилкени асфальттоо быйылкы жылга пландалган. Жумуштарды № 2 Жол эксплуатациялоо мекемеси белгиленген мөөнөттө толугу менен бүтүрдү.

Жолдун оңдолушу алыскы тоолуу айылдын тургундары үчүн каттамды жеңилдетип, жүрүү шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Буга байланыштуу айыл тургундары президент Садыр Жапаровго жана жол куруучуларга ыраазычылык билдиришкен.

Жол оңдоо иштеринин сапаты жана аткарылышы министрликтин көзөмөлүндө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар