Башкы беткеКоомШайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү үчүн Коомдук байкоо борбору түзүлөт

Шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү үчүн Коомдук байкоо борбору түзүлөт

Борбордук шайлоо комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишин уюштуруу тартибин бекитти. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Борбордун негизги максаты — Кыргызстанда өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу убакыт режиминде көрүүгө шарт түзүү. Ал шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан уюштурулат.

Белгиленген талаптарды сактоо менен борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле кызыкдар адамдар кире алышат.

БШКнын маалыматына ылайык, борбордун иш тартибинде келгендерди каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.

Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун добуш берүү учурундагы эркин билдирүүсүн аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар