Ош шаарында 1200 орундуу Салижан Жигитов атындагы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Учурда курулуш иштеринин 90 пайызы аткарылды.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
Жалпы аянты 13 миң 610 чарчы метрди түзгөн төрт кабаттуу мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган. Башкы подрядчы — «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы.
Жаңы мектепте окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттар каралган. Анда предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, жыйындар залы жана заманбап жабдуулар менен камсыздалган спорт зал болот.
Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 3 миңге жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.



