Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сары-Жаз дарыясында эки көпүрөнүн курулушу жана жээктерди бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМдин башчысы Канатбек Чыныбаев иш сапары менен Сары-Жаз өрөөнүнө барып, жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Учурда дарыянын кооптуу деп табылган үч тилкесинде жээктерди бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бекемделип жаткан дарыя нугунун жалпы узундугу 930 метрди түзөт.
Мындан тышкары, дарыяга эки көпүрө курулууда. Учурда бетон иштери аяктап, курулушту быйыл ноябрь айында бүтүрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ тарабынан Сары-Жаз дарыясындагы «Зайнулин» жана «Ак-Үңкүр» көпүрөлөрү курулуп, пайдаланууга берилген.
Ошондой эле министр Ак-Суу районундагы «Ала-Тоо резорт» тоо-лыжа базасында курулуп жаткан кар көчкү станциясынын иши менен таанышты. Станция туристтик аймакта аба ырайын байкоого жана коопсуздукту камсыздоого шарт түзөт.



